Тил

Шашылыш жарыялоого

15-03-2023

Пресс-релиздер

16-17-мартта өтө турган соода жана инвестициялык форумга Пакистан менен Кыргыз Республикасынан 150дөн ашык мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү катышат. Катышуучулар эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган экспортту, сооданы жана инвестицияны көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.  

Форум АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Пакистандын Соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биргелешип уюштурууда.  

Эки күндүк форум 2023-жылдын 16-мартында саат 9:30да Шератон мейманканасында (Киев көчөсү 148Б) башталат.  

Форумда компаниялардын жана өкмөттөрдүн презентациялары, бизнес өкүлдөрү арасында жолугушуулар жана соода мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн турлар менен коштолот. Пакистандан келген делегациянын курамында 40тан ашык бизнестин өкүлдөрү бар.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кая Адамс, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тотуяев Уланбек, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Темиралиев Умбриэл, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин форумга катышуусу күтүлүүдө.

Региондогу экономикалык байланыштарды чыңдоо жана экспорттук рынокторду кеңейтүү аркылуу экономикалык өсүштү бекемдөө АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул форум USAIDдин экономикалык өсүш боюнча кеңири аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Акыркы төрт жылда USAID 100дөн ашык бизнести колдоп, 18 миңден ашуун сезондук жана туруктуу жумуш орундарын түзүүгө көмөктөштү.

Кошумча маалымат алуу үчүн Соода-өнөр жай палатасына 0 312 613874, 613876, 0555002072 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.