Тил

Шашылыш жарыялоого

18-08-2023

Пресс-релиздер

18-август, 2023-жыл - 800дөн ашуун кыргызстандык суу жана айыл чарба адистери кийинки үч жыл ичинде Сокулук районунун Фрунзе айылындагы жаңы оңдолгон окуу борборунда окушат. АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу борборго жаңы эмеректерди, кеңсе жабдууларды жана ашкана шаймандарын камсыз кылууга колдоо корсоткон.

Суу ресурстар кызматы тарабынан башкарылган окутуу борбору билим алуу жана инновациялык хаб катары иш жүргүзүп, адистерди суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, “Суу-Энергия- Тамак-Экосистемалар чогуу иштеши” принциби, акыркы заманбап инновациялар, өсүмдүк продукция жана башка маанилуүү көндүмдөргө үйрөтүп, сууну натыйжалуу пайдаланууга жөндөйт. Бул азык-түлүк коопсуздугун, экономикалык өсүштү жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине туруктуулукту колдойт.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов; USAIDдин Экономикалык өнүгүү кеңсесинин директору Джеймс Лайкос; Суу чарба директору Алмазбек Сокеев; ошондой эле институттун жана окуу борбордун директору Жаныбек Керималиев ачылыш аземине катышышты.

«Кыргыз коомчулугу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүк аркылуу биз бардык кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртып жатабыз. Модернизацияланган окуу борбору Кыргыз Республикасынын айыл- чарбасына да, суу чарба тармагына да пайда алып келип, өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт деп ишенебиз”,-деди USAIDдин Экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Джеймс Лайкос.

"Учурда айыл чарба адистеринин дараметин, квалификациясын жана билим деңгээлин жогорулатуу Айыл чарба министрлигинин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Анын негизинде облустук суу чарба USAIDдин экологиялык долбоорунун алдында модернизацияланган атайын окуу борбору ачылды. Бул борбор кесипкөй жана тажрыйбалуу адистерди даярдап, өлкөнүн агро өнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем», - деди айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов.

АКШ тарабынан окуу борборундагы жаңыртуулар USAIDдин суу жана айлана-чөйрө боюнча аймактык иш-чарасы аркылуу мүмкүн болду.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Улуттук саясат боюнча адис Наргиз Осмонова менен төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот: nargiza.osmonova@tetratech.com же +996555 882 848. Социалдык тармактарда Регионалдык суу жана аялуу айлана-чөйрө боюнча активдүүлүккө көз салыңыз: Facebook.

Image
Newly Renovated Training Center to Create the Next Generation of Kyrgyzstani Water Management Professionals