Тил

Шашылыш жарыялоого

12-04-2023

Пресс-релиздер

12-апрель, 2023-жыл, Бишкек – Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду колдоого алып жатат.

Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес-мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүштү. Үч айлык окуудан кийин катышуучулардын арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланды.

«Мен бала бакча ачайын дегем, бирок кантип ачарымды билбей жүргөм. Бул программага катышуу менин кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү”,- дейт Ноокат районунан келген катышуучу Айнура Савранбаева.

Программанын бүтүрүүчүлөрү бала бакчаларын жана билим борборлорун ачкандан кийин дагы колдоо ала беришет.

«Бул демилге кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү багыттарды бириктирет. Балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Жергиликтүү тургундар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Ал эми, ишкерлер билимге жана тиешелүү тажрыйба алышат”, - деп белгиледи Кайя Адамс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Бул иш-чара USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен "Жергиликтүү өнүгүү" долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүшкө салым кошот.

Image
smiling children