Тил

Шашылыш жарыялоого

12-04-2023

Пресс-релиздер

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды тапшырды. USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 1,2 млн сомго рентген-сүрөттөрүн көрүү, дарылоону көзөмөлдөө жана биоматериалдарды ташуу үчүн жабдуулар сатылып алынган. 

«Бул жабдуулар баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлиндеги кызматкерлерине дарылоо жана биоматериалдарды ташуу стандарттарын сактоого жардам берет. Биздин негизги максат – кургак учукту дарылоону жакшыртуу,” – дейт Бишкеке шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Ибраимов.

Бишкек шаарынын №3, 4, 5, 6, 7, 8, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Студенттик поликлиникасына рентген-сүрөттөрүн көрүү үчүн негатоскоптор, кургак учуктун дарылоосуна сапаттуу байкоо жүргүзүү жана жагымсыз таасирлерди аныктоо үчүн жабдуулар тапшырылды. Андан тышкары, биоматериалдарды лабораторияларга бат жана коопсуз ташуу үчүн атайын муздаткыч баштыктар жана контейнерлер берилди.

«USAID жана Кыргыз Республикасы кургак учук менен күрөөшүүдө көп жылдык өнөктөштөр. Биз биргелешип кургак учуктан өлүмдү кыскартууга жетиштик, диагностика жана дарылоонун сапатын бир топ жакшырттык. Бирок алдыда дагы иш көп жана биз кызматташуубузду улантабыз”, – деди USAIDдин саламаттыкты сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ниша Гупта.

Бул жардам кургак учук менен ооруган бейтаптардын амбулатордук деңгээлде дарылоонун сапатын жогорулатууга багытталган реформалардын бир бөлүгү. Буга чейин USAID Бишкектин №1, 2, 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Темир жол ооруканасына жалпы суммасы 360 миң сомго медициналык жабдууларды тапшырган.

Түштүк борбордун саламаттыкты сактоо мекемелерине жабдуулар апрель айынын аягына чейин жеткирилет.

###

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо жана дарылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтөт. Долбоордун максаты - акыркы эл аралык сунуштамаларга ылайык кургак учукка каршы күрөшүүнү жакшыртуу үчүн системаларды, инструменттерди, ресурстарды жана адамдык потенциалды бекемдөө.

Image
USAID is handing over equipment to local health care facilities in Bishkek