Тил

Шашылыш жарыялоого

21-02-2023

Пресс-релиздер

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), КР Саламаттык сактоо министрлиги жана “Неман-Фарм” компаниясы ВИЧке өз алдынча текшерилүү үчүн акысыз комплекттерди жайылтуу боюнча кызматташууда. Тест-системалары Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй жана Ош облустарында жайгашкан 32 дарыканада жеткиликтүү болот. Тесттерди жайылтуунун жаңы модели калктын аярлуу жана жетүүгө кыйын топтору үчүн ВИЧке өз алдынча тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы модель менен тааныштыруунун расмий аземи болду.

Тестирлөө үчүн комплекттерде ВИЧти шилекей боюнча аныктаган тест, маалымат берүүчү материалдар, ВИЧтин алдын алуу каражаттары жана ВИЧ-ке тиешелүү кызмат көрсөтө турган уюмдардын байланыш маалыматы камтылган. Каалоочулар тесттерди аптекалардан алуудан мурда www.epictest.live сайтында анонимдүү өтүнмө калтыруу зарыл.

“Тест-системаларын жайылтуунун жаңы модели биздин кызматка ВИЧтин жаңы учурларын эрте аныктап, вирусту жуктуруп алгандарды өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берген антиретровирустук терапияга өз убагында кошуу боюнча ишти күчөтүүгө жардам берет”, - дейт Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун (ГВГжВИЧКРБ) директору Үмүткан Чокморова.

“Биз жеке сектордогу өнөктөштөрүбүздүн ВИЧке текшерилүү тесттерди жайылтуу боюнча ишке кошулганына өтө кубанычтабыз. Бул чоң кадам эң аярлуу топторду кеңири тестирлеп, аларга дарылануу жана ВИЧке байланыштуу кызматтарды эртерээк алуусуна дагы бир жол ачат”, - дейт USAIDдин саламаттык сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ниша Гупта.

2021-жылга карата Кыргыз Республикасында ВИЧ менен жашаган 9,200 адам катталган. Жалпысынан Кыргыз Республикасында ВИЧ менен жашагандардын саны стабилдүү бойдон калып жатат, бирок дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө оорулардын саны кыскарууда.

Бул иш-чара USAIDдин “Эпидемияны көзөмөлдөө боюнча максаттарга жетүү жана чараларды улантуу (EpiC)” долбоору алкагында өтүп жатат. Долбоор АКШ Президентинин СПИДке каршы жардам көрсөтүү боюнча өзгөчө планы (PEPFAR) тарабынан каржыланат. 2016-жылдан бери USAID Кыргыз Республикасында жарым миллиондон ашык ВИЧке тест өткөрдү. Учурда өлкөдө ВИЧ/СПИДге чалдыккан 4 миңден ашык адам өмүрүн сактап калуучу, антиретровирустук терапияны (АРТ) алышат.

Image
hiv test