Тил

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.

Буга чейин USAID Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19га тестирлөө убактысын беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарткан заманбап диагностикалык аппарат – GeneXpert аппаратын белекке берген. Бул технология бир гана COVID-19 эмес, кургак учук сыяктуу башка инфекцияларды да так аныктай алат. Мындан тышкары, департаментке видеоконференцбайланыш системасы жана компьютерлер тапшырылды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдууда USAIDдин жардамы абдан маанилүү”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Ошондой эле Чүй облустук ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жабдуулар, анын ичинде көчмө рентген аппараты, видеобронхоскоп, дезинфекциялык камералар жана үлгүлөрдү ташуу үчүн контейнерлер берилет.

«Биздин программалар жабдуу менен камсыз кылуудан тышкары, медициналык кызматкерлерге керектүү билим жана көндүмдөртү үйрөтүүнү көздөйт. Биз өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлерди, медайымдарды жана башка кызматкерлерди окутуу үчүн Саламаттыкты сактоо департаменти менен иштешүүнү улантып жатабыз», - деди USAIDдин Саламаттыкты сактоо жана билим берүү кеңсесинин директорунун милдетин аткаруучу Рэнди Колстад.

USAID Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтун инфекцияларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча көндүмдөрдү жогорулатуу үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда. 

Жабдуулар USAIDдин Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугуну бекемдөө боюнча долборунун алкагында тапшырылды. Анын башталышынан бери USAID Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө 7 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

***
Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) - эл аралык өнүктүрүү жана гуманитардык аракеттерди жетектеген АКШнын мамлекеттик агенттиги. Кыргыз Республикасында USAID эл жана өкмөт менен өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик башкарууну, саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү өркүндөтүү үчүн кызматташып келет.

Саламаттыкты сактоо тармагында USAID үч негизги багытка көңүл бурат: кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо, ВИЧ/СПИД менен күрөшүү, жана балдардын жана аялдардын тамактануусун жакшыртуу.

Image
Оборудование стоимостью 31 миллион сомов будет распределено среди учреждений по всей стране в рамках поддержки USAID мер реагирования на пандемию.
Оборудование стоимостью 31 миллион сомов будет распределено среди учреждений по всей стране в рамках поддержки USAID мер реагирования на пандемию.