Тил

Кургак учуктун дары-дармекке туруктуу болгон формаларынын саны Кыргыз Республикасында эң жогорку деңгээлде экендиги байкалган. Бул өлкө калкынын саламаттыгына, коопсуздугуна жана экономикалык өсүшүнө олуттуу коркунуч келтирет.  

Азыркы тапта өлкөдө таасири күчөп бараткан өлүмгө алып келчү инфекциянын дагы бири – АИВ болуп саналат. Бул дарттын Кыргызстанда таралышы жалпы калктын ичинде бир пайыздан азыраак болгону менен оорунун таралышы барган сайын кеңейип баратат.  

Эне менен баланын өлүмүнүн деңгээли азайып баратканы менен региондогу эң бийик деңгээл боюнча калууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташ болуп, USAID саламаттыкты сактоону өркүндөтүү багытында, негизги медициналык тейлөө, аны пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү системаларын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат.

Кургак учук эпидемиясы менен күрөшүү боюнча иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү катары биз медициналык мекемелердин дараметин жогорулатабыз, дарт аныктоо тутумдарын бекемдейбиз жана инфекциялык көзөмөлдү жакшыртабыз. Биз ошондой эле кургак учукту дарылоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун арттырууга жана наркын арзандатууга өз салымыбызды кошуудабыз.  

АИВ көрсөткүчтөрү өсүшүнө байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн USAID АИВ/ЖИКСти алдын алуу, дарылоо жана көбүрөөк тобокелдүү топтордогу бейтаптарга кам көрүү боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун кеңейтет.

Image
Tb doctor Kyrgyzstan