Тил

USAIDдин «Мыкты азыктануу» долбоору - дүйнө жүзүндө тамактануу статусун жана калктын аярлуу топторунун саламаттыгын жакшыртууга багытталган көп тармактуу долбоор. Долбоор жетишсиз тамактануунун түпкү себептерин жоюуга багытталган программаларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга жана анын натыйжаларын баалоо боюна иш алып барат.

Кыргызстандагы иш-аракеттерибиз

Жаш балдар менен аялдардын жетишсиз тамактануусу - бул социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармагында олуттуу, узак мөөнөттүү, терс кесепеттерге ээ көйгөй.

USAIDдин «Мыкты азыктануу» долбоору репродуктивдүү курактагы (15-49 жаш) аялдардын жана беш жашка чейинки балдардын толук кандуу тамактануусун жакшыртуу боюнча иш алып барат. Бул иште жаш балдардын жашоосундагы биринчи 1000 күндүк «мүмкүнчүлүктөр терезесине» өзгөчө көңүл бурулат.

Бийлик органдары, айылдык ден соолук комитеттери, медициналык борборлор жана башка кызыкдар тараптар менен тыгыз иштеп, долбоор төмөнкүлөрдү аткарууга умтулат:

  • Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде толук баалуу тамактануу боюнча билимди, түшүнүктү жогорулатып, аны колдонууга жол ачуу
  • Жыл бою түрдүү азыктарга талапты жогорулатуу менен бирге, ал азыктардын эл үчүн жеткиликтүү болушуна көмөктөшүү
  • саламаттык сактоо уюмдарынын тамактануу тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо, сунуштоо жана көзөмөлдөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу
  • тамактануу тармагы боюнча кызмат көрсөткөн жергиликтүү мекемелерди күчөтүү
  • тамактануу тармагындагы саясатты өркүндөтүү жана бул жаатта бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү

ДОЛБООРДУН МӨӨНӨТҮ: 2019-жыл, октябрь – 2023-жыл, август

ДОЛБООР КАМТЫГАН АЙМАК: Бишкек шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары

Долбоор аталган максаттарга төмөнкү иш-аракеттер аркылуу жетишүүнү көздөйт:

  1. Жеке адам, үй-бүлө жана коомчулуктун деңгээлдеринде тамактануу боюнча жүрүм-турумду өзгөртүү.
  2. Саламаттык сактоо уюмдарында туура тамактануу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.

Бүгүнкү күндөгү жетишкендиктер

  • Тамактануу маселелери боюнча кеңеш берүү индикаторлору саламаттык сактоо системасында отчетторго киргизилди. Сунушталган индикаторлор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын сентябрында расмий түрдө кабыл алынган.
     
  • Айылдык ден соолук комитеттеринин жардамы менен жергиликтүү тургундардан  2 миңден ашык ыктыярчы окуудан өттү. Алар кош бойлуу аялдар, энелер жана эки жашка чейинки балдары бар кожолуктарга туура тамактануу жана гигиена сактоо маселелери боюнча маалымат таратуу менен алек. Баткен жана Жалал-Абад облустарында жалпысынын 52 миңден ашык адамга маалымат жеткирилди. COVID -19 пандемиясына байланыштуу маалымат кожолуктарга WhatsApp аркылуу таратылууда.
     
  • Ымыркайларды жана жаш балдарды тамактандыруу, өспүрүмдөрдүн жана аялдардын тамактануусу жана аз кандуулук маселелери боюнча Баткен жана Жалал-Абад облустарында 784 медициналык кызматкерди окуудан өттү.
     
  • Долбоордун Facebook баракчасы аркылуу толук баалуу тамактануу жана гигиена эрежелерин сактоо туралуу маалымат таратылууда.
     
  • Долбоор Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактык телеканалдар менен өнөктөшүп, тамактануу жана гигиена эрежелерин сактоо тууралуу маалымат таратууда.
     
  • Долбоор Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуна 1000 күндүн аралыгында эненин жана баланын тамактануу боюнча коммуникациялык стратегияны кайра иштеп чыгууга көмөк көрсөттү.
     
  • Аз кандуулук менен күрөшүү боюнча улуттук техникалык колдонмону кайра карап чыгууга колдоо көрсөткөн.
     
  • USAIDдин “Окуу керемет!” баштапкы билим берүү боюнча долбоору менен өнөктөштүктө баштапкы мектеп окуучуларынын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайык китептерди чыгаруу пландаштырылган.
     
  • Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2 жашка чейинки курактагы балдары бар, репродуктивдүү жаш курагындагы аялдардын арасында баштапкы изилдөө жүргүзүлдү. Сурамжылоонун негизинде тамактануу боюнча көрсөткүчтөрдүн баштапкы деңгээли аныкталды. Долбоордун жардамы менен өзгөртүүгө мүмкүн болгон төмөн деңгээлдеги көрсөткүчтөргө өзгөчө көңүл бурулууда.
Image
Проект USAID “Мыкты азыктануу” работает над улучшением питания среди женщин репродуктивного возраста (15–49 лет) и детей до 5 лет, с особым акцентом на 1000-дневное “окно возможностей”.
Проект USAID “Мыкты азыктануу” работает над улучшением питания среди женщин репродуктивного возраста (15–49 лет) и детей до 5 лет, с особым акцентом на 1000-дневное “окно возможностей”.
Оливье Леблан