Тил

Шашылыш жарыялоого

18-10-2022

Пресс-релиздер

Бул каржылоо 47ден ашык өлкө жана эл аралык уюмдар үчүн азык-түлүктүн, жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын кымбатташынын натыйжасында жакырчылыктын, ачарчылыктын жана жетишсиз тамактануунун алдын алуу үчүн бөлүнгөн 2,76 млрд долларлык каражаттын алкагында берилип жатат.

Дүйнөлүк азык-түлүк кризиси менен күрөшүү үчүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу бөлүнгөн жардам Кыргыз Республикасындагы беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн багытталат. Бул топтор Украинадагы согуштан улам курчуп бараткан азык-түлүк кризисине эң аялуу болуп саналат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январынан августуна чейин Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын август айына салыштырмалуу бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча 15,6 пайызга, ал эми негизги тамак-аш азыктары боюнча 20,3 пайызга өскөн. Андан тышкары, 2022-жылы кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн бештен бири керектүү даражада азыктанышпаганы жана буудай унуна болгон баа 2020-жылдан бери 63 пайызга кымбаттаганы айтылган.

USAID тарабынан бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат. Жаңы объекттер жумуш орундарын түзүп, жашылча-жемиштерди сатуу үчүн жаңы рынок түзүп, сатуу мезгилин узартат.

«Азык-түлүк коопсуздугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эң башкы приоритет экенин билебиз. USAID бул аракеттерди азык-түлүктү сактоого жана аялдар менен балдар сыяктуу калктын аялуу катмарын азык-түлүккө болгон баанын кымбатташынын таасиринен коргоого жардам берүү аркылуу колдоого алууда”, - дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Кайя Адамс.

Президент Джо Байден Германияда өткөн G7 лидерлеринин саммитинде АКШ өкмөтүнүн дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугу үчүн кошумча 2,76 млрд доллар убада кылды. Бул G7 лидерлери дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн бөлгөн 4,5 млрд доллардын жарымынан көбүн түзөт.

Image
USAID тарабынан бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат.