Тил

Шашылыш жарыялоого

01-12-2022

Пресс-релиздер

2022-жылдын 23–25-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында болуп өткөн Борбор Азиядагы эң ири «УзАгроЭкспо-2022» эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстандын тогуз айыл чарба ишканасы катышты. Компаниялар Өзбекстандын соода түйүндөрү жана сүт ишканалары менен жолугушуп, соода байланыштарын чыңдоого багытталган жолугушууларды өткөрүштү. Натыйжада, компаниялар 1 млн АКШ долларынан ашык суммадагы 17 келишимге кол коюшту. Кыргызстандык делегациянын Өзбекстанга болгон сапары АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланды.

Кыргызстандын делегациясынын курамына Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кайра иштетүүчү ишканалары кирди. Алар кургатылган жана консерваланган жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, картошка, бал, суусундуктарды, эт жана башка айыл чарба азыктарын сунушташты.

«Эл аралык көргөзмөлөргө катышуу кыргыз бизнесин илгерилетип, бизнестеги жаңы тенденцияларды жана мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө жардам берет. Бул - тажрыйба жана бизнес-идеяларды алмашууга, бизнес жана соода байланыштарын түзүүгө жана чыңдоого эң сонун мүмкүнчүлүк берет», – дейт делегациянын мүчөсү, эт багытындагы жеке ишкер Нурматов Игамберди.

«УзАгроЭкспо-2022» – бул айыл чарба продукцияларын жана кызматтарын илгерилетүүгө багытталган уникалдуу аянтча. Былтыркы көргөзмө дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген 4 миңден ашык айыл чарба ишканалары катышкан.

«Жаңы рынокторго жол ачуу - Кыргызстанда бизнести кеңейтүүнүн жана жумуш орундарын түзүүнүн ачкычы болуп саналат. Бул - бизнести өнүктүрүүнүн, көбүрөөк адамдарды жумушка алуунун жана кыргыз элинин кирешесин көбөйтүүнүн эң жакшы жолу. Ошондуктан USAID ишкерлер менен Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөр менен бизнес байланыштарын чыңдоого жардам берүүнү улантууда», – дейт USAIDдин экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Джошуа Темплтон.

Бул иш сапары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулуп, ал дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоого, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасында жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Надира Махкамовага nmakhkamova@kyrgyzagrotrade.com электрондук почтасы же +996770268337 телефону аркылуу кайрылыңыз. «Агросоода» долбоорунун социалдык тармактардагы Facebook, Instagram жана YouTube баракчаларына жазылыңыз.

 

kyrgyz republic agrotrade
Image
kyrgyz delegation at uzagroexpo