Тил

Шашылыш жарыялоого

29-04-2023

Пресс-релиздер

2023-жылдын 28-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Байка Текстиль» фабрикасынын расмий ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери катышты. «Байка Текстиль» ишканасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген заманбап тигүүчү шаймандар менен жабдууланды.

Жалпы наркы 100 миң долларга бааланга жаңы жабдуулардын арасында тигүүчү жана бычуучу машиналар, футболка жана башка буюмдарды тигүүчү заманбап шаймандар бар. Жаңы имараттын курулушуна жана кошумча жабдууларды сатып алууга «Байка Текстиль» компаниясы 330 миң доллардан ашык инвестиция жумшаган.

“USAIDдин колдоосу менен алынган заманбап жабдуулардын жардамы менен продукциябыздын сапатын жогорулата алдык. Өндүрүшүбүздүн көлөмү 15 пайызга өстү” – деп билдирди «Байка Текстиль» фабрикасынын директору Каныбек уулу Байымбет.

«Байка Текстиль» өз ишмердүүлүгүн алгач Бишкектен баштаган, бирок Кыргызстандын түштүгүндө жумуш орундарын көбөйтүү максатында ишкананын негиздөөчүлөрү өндүрүштү Ош облусуна көчүрүүнү чечкен. Компания өз имаратын куруп, өндүрүшүн кеңейтерээри менен жумушчулардын саны 80ден 400 адамга чейин жетти.

«Акыркы төрт жылдын ичинде АКШ өкмөтү USAID уюму аркылуу «Байка Текстиль» сыяктуу 120дан ашык ишканага гранттык колдоо көрсөткөн. Мындай колдоо, бүткүл Кыргыз Республикасынын аймагында, өзгөчө айымдар үчүн, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди" – деп белгиледи элчи Лесли Вигери.

Жабдуулар USAIDдин “Конкуренттүү  ишкана” долбоорунун алкагында берилген. Долбоор текстиль өнөр жайы, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканаларга өндүрүш көлөмүн жана сатымдуулугунун кеңейүүсүнө көмөк көрсөтөт. Негизги максат - Кыргыз Республикасында жумуш орундарын көбөйтүү. Беш жылдык долбоордун жалпы бюджети 23 млн АКШ долларын түздү.

2018-жылдан бери, бул долбоордун алкагында USAID 120дан ашык ишканага колдоо көрсөттү.

Долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн, USAIDдин “Конкуренттүү  ишкана”  долбоорунун байланыштар боюнча кеңешчиси Жылдыз Ниязалиевага кайрылыңыз, zniiazalieva ecp-kyrgyzstan.org, тел: +996 (770) 808 063.

Image
lady is working on a sewing machine
Share This Page