Тил

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасы боюнча 1,6 миңде ашык мектептерге жана тийиштүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө электрондук планшеттерди тапшырды. Бул планшеттер USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна катышкан мектептердеги мугалимдерге окутуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоону жакшыртуу үчүн пайдалуу ресурстарды жана тиркемелерди камтыйт.

“Окуу жана математика - көндүмдөрү өмүр бою билим алуунун жана XXI кылымдын экономикасында ийгиликке жетүүнүн пайдубалы”, - дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. “Ошондуктан биз республика боюнча 1,6 минден ашуун мамлекеттик мектептерде он миңдеген башталгыч класстардын мугалимдери менен бул эки сабакты окутууну жакшыртуу максатында иш алып баруудабыз".

Бул планшеттер аркылуу мугалимдер өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн көптөгөн усулдук материалдарга жол ачат. «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында адабий окуу жана математиканы окутуу методикалары боюнча модулдар, окутуу жана стратегияларды колдонуу боюнча сунуштарды камтыган кыскача видео-сабактар жана өлкөнүн ар аймагында эмгектенген кесиптеш мугалимдер жана эксперттер иштеп чыккан сабактар иштелип чыккан.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Токтоян айылында жашаган башталгыч класстардын мугалими Куялиева Гүлбарчын планшетте окуучулардын окуп-үйрөнүү жетишкендиктерин баалоого жардам берген “BaalooApp” тиркемесин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө ыраазы экенин билдирди. "Мурда биз окуучунун жетишкендиктерин баалоо боюнча тапшырмаларды өзүбүз иштеп чыкчубуз, көп учурда алар кол менен жазылган иштелмелер эле, баалоонун жыйынтыктарын да өз алдыбызча талдайт элек. Азыр болсо, планшетте бир нече баскычтарды басып окуучуларыбыздын билим деңгээлин көрө алабыз. Бул абдан сонун нерсе!"- дейт Гүлбарчын Куялиева айым.

BaalooApp тиркемесинен тышкары, планшеттерде мугалимдерге ментордук колдоо көрсөтүү боюнча “SabakApp” тиркемеси да жүктөлгөн. Бул тиркеме менторлорго мугалимдердин сабагына байкоо жүргүзүүгө жана анын негизгинде өз ойлорун жана сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берет.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуу сапатын жогорулатууга багытталат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Долбоор окуучуларды сапаттуу кошумча окуу материалдары менен да камсыз кылат жана ар бир бала үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташат.

Image
Бул планшеттер аркылуу мугалимдер өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн көптөгөн усулдук материалдарга жол ачат.
Бул планшеттер аркылуу мугалимдер өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн көптөгөн усулдук материалдарга жол ачат.
Чолпон Жанадылова