Тил

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун (мындан ары – МКБ) жаңыртылган вебсайтынын (www.migrant.kg) бет ачары болуп өттү. Сайт USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен жарык көрдү.

Басма сөз, мамлекетик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү КР жарандары үчүн МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, жаңы вебсайттын функциялары менен таанышышты. МКБнын ушул  интерактивдүү вебсайты жарандарга төмөнкүдөй мүмкүндүктөрдү берет:  

  • Онлайн режиминде Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүнүн маалыматтарын текшерүүгө;
  • Коопсуз миграция маселелери боюнча зарыл болгон консультацияларды алуу үчүн дүйнөнүн туш тарабынан МКБнын шыр байланыш кызматынын операторлору менен байланышууга жана адамдарды сатуу менен байланышкан кырдаалдар келип чыккан учурда WhatsApp, Telegram, онлайн чат сыяктуу бардык жеткиликтүү каналдар, телефон байланышы жана башка мессенджерлер аркылуу жардам алууга; 
  • Мыйзамдуу жана коопсуз миграция тууралуу, анын ичинде чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштурууга уруксаты бар менчик агенттиктер боюнча так маалымат алууга;
  • Чет жерде каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар боюнча бир жолку төлөмдөрдү алуунун тартиби жөнүндө жаңыртылган маалыматтарга жеткиликтүү болууга мүмкүндүк алышат.

Ноэль Бауэр, USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бул портал мигранттарга мамлекеттик маанилүү кызматтарга жеткиликтүү болууга гана жардам бербестен, аларды адам сатуучулардан, кооптуу жана мыйзамсыз миграция жолдорунан коргоого жардам берет. Коопсуз миграция биздин максат, ал эми ушул иш-чара максатка жетүү үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет».

Бул вебсайт ар кайсы өлкөлөрдөгү мигранттарга, ошондой эле потенциалдуу мигранттарга миграция маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды жана консультацияларды жана МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү башка маалыматтарды алууда колдоо көрсөтүү үчүн колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй онлайн платформаны түзүү максатында иштелип чыккан.     

 «Маалымат берүүнүн ыкчамдыгы жакшырат, онлайн режиминде «кара тизмеден» өзүн текшерүү сыяктуу жаңы функциялар жана кызматтар жеткиликтүү болот, мурда бул кызматты Маалыматтык-консультациялык борборго баруу менен гана  алууга болот эле. Мындан тышкары, мигранттар үчүн башка пайдалуу кызматтар да жеткиликтүү болот», - деп белгиледи өз сөзүндө Маалыматтык-консультациялык борбордун  директору Кубандык Акматбеков.

Иш-чара Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун «Кыргыз Республикасынын мигранттарына зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү үчүн мигранттардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, МКБ менен өнөктөштүктө, Winrock International тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. 

USAID тарабынан каржылануучу Борбордук Азиядагы коопсуз миграция боюнча долбоор  Winrock International тарабынан Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө ишке ашырылат. Долбоордун максаты өкмөттөрдүн, жарандык жана жеке секторлордун потенциалын жана өз ара жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу адамдарды сатууга каршы туруу, жабыркагандарды коргоо жана коопсуз миграцияга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Долбоор USAIDдин Азия өлкөлөрүндөгү адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар комплексинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кеңири маалымат Борбордук Азиядагы USAIDдин веб-сайтында https://www.usaid.gov/central-asia-regional жана Фейсбук баракчасында жеткиликтүү: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/ .

Image
migrant.kg
The website was developed to create a user-friendly platform to support current and potential migrants, provide them with up-to-date information and advice on migration issues, and to promote a hotline service and other services provided by the ICC.