Тил

22-январда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Бул партия дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк көрсөтүү үчүн берип жатат.

«Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммунитетибизге COVID оорусунун оорлоп кетишине туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элин вакцина менен камсыз кылууну жана вакциналардын  өлкө боюнча жеткиликтүү болушу үчүн каржылык колдоону улантат», - деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргыз Республикасына Pfizer компаниясынын вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

“АКШ өкмөтүнүн жана башка эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен вакциналар Кыргызстанда бардыгына жеткиликтүү. Мен бардык кыргызстандыктарды оорунун оор агымынан өзүн жана жакындарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө чакырам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө - COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири”, - деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бектурганов Улук-Бек. 

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен Кыргызстанда 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган.

Пандемия башталгандан бери  АКШ Кыргыз Республикасына COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медицина кызматкерлерин жана башка адистерди окутууга багытталган.

Image
​​​​​​​В общей сложности, Соединенные Штаты передали Кыргызской Республике более 450 тыс. доз вакцины Pfizer против COVID-19 с октября 2021 года.
​​​​​​​В общей сложности, Соединенные Штаты передали Кыргызской Республике более 450 тыс. доз вакцины Pfizer против COVID-19 с октября 2021 года.
Кайратбек Мурзакимов