Тил

USAIDдин ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү долбоору, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын кирешелерин жогорулатуу үчүн Борбордук Азияда жемиштүү экономикалык ишмердүүлүктү демилгелейт. 

Ишке ашыруу мөөнөтү: Сентябрь 2019 – Сентябрь 2024

Долбоорду ишке ашырган уюм: Palladium Group

Негизги өнөктөштөр: Сенти финансовая компания, Парк Высоких Технологий, Кыргызская Фондовая Биржа

Долбоор камтыган аймак: Казахстан, Кыргызская Республика, Таджикистан, Туркменистан, Узбекистан

 

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР

  • Ишканаларды өнүктүрүү. Рынокторду кеңейтүү аркылуу, компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; сатуунун жана экспорттун өсүшү, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу.
  • Жаңы жумуш орундарын түзүү. Максаттуу окутуу аркылуу ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын өнүктүрүү.
  • Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу. Мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалог аркылуу, мыйзамдарды өркүндөтүү, дүйнөлүк тажрыйбаларды колдоо аркылуу жумуш орундарын жакшыртуу жана инвестициялар үчүн шарттарды түзүү.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоор 26 ишканага жана мекемеге бизнесин кеңейтүүгө инвестициялык колдоо көрсөткөн. USAID аларга жаңы инвестицияларды тартууга, эл аралык стандарттарына жооп берүүгө, жаңы сатып алуучулар менен байланышууга, санариптештирүү, автоматташтыруу жана башкарууну жакшыртууга көмөк болду.
     
  • 2019-жылдан бери 900дөн ашык бизнес өкүлдөрү, аялдар жана жаш ишкерлер окуудан өтүштү. Алар атактуу эл аралык адистерден сатуу, каражат чогултуу жана стартаптарды өнүктүрүү жөнүндө үйрөнүштү.
     
  • Долбоордун алкагында USAID Кыргызстандын IT коомчулугуна тышкы рынокко чыгууга жардам берүүдө. 2021-жылы USAID Бишкекте “Мамлекет жана маалыматтык технологиялар” стратегиялык Евразиялык форумун уюштурууга колдоо көрсөткөн. Форумда дүйнөдөгү эң ири IT ишканаларынын бири EPAM компаниясы Бишкекте өзүнүн кеңсесин ача турганын жарыялады. Форум ошондой эле Борбор Азиядагы стартаптарды колдоо үчүн 50 млн долларлык венчурдук фондго жол ачты. USAID ошондой эле “ConnectKG” биринчи виртуалдык IT көргөзмөсүн жана “KSSDA Awards 2021” деп аталган кыргызстандык IT-компаниялар үчүн биринчи сыйлык иш-чарасын колдоого алды.
     
  • Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы менен өнөктөштүктө, USAID долбоору IT сектору үчүн бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча эксперттик сунуштарды иштеп чыкты. Берилген сунуштар КР Экономика министрлигине тапшырылып, “Венчурлук каржылоо жөнүндө” мыйзам долбооруна киргизилди.
     
  • Долбоор КР электрондук коммерция паркы түзүү үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени колдоого алды. Электрондук коммерция паркы экспорт жана импорт үчүн логистикалык борбор, ошондой эле Борбордук Азиядагы инновациялар жана билим борбору болуп калышы күтүлүүдө. Кыргызстандын Электрондук ассоциациясы жана Экономика министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөдө, эл аралык мыкты тажрыйбалар жана электрондук коммерция паркынын эң ылайыктуу жерлерин аныктоо боюнча чойро иштери камтылган.
     
  • USAID долбоору жергиликтүү компанияларга инвестицияларды тартууга жардам берүү үчүн фондулук рынокту өнүктүрүүнү колдойт. USAID долбоорунун жардамы менен «Баркад» компаниясы тамак-аш өндүрүүчүлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп жергиликтүү фондулук рынокто облигацияларды чыгарып, 90 млн сом чогулткан. USAID долбоору ошондой эле «Текстил Транс» ЖЧКсына 100 млн сом тартууну пландап жаткан фондулук рынокко чыккан биринчи текстиль компаниясы болууга жардам берди.
  • USAID долбоору дагы кыргызстандык компанияларга чет элдик инвестицияларды тартууга жардам берди. Долбоордун жети өнөктөш ишканалары AV Frontiers, Most Ventures жана башка жеке инвесторлордон 2,8 миллион доллар инвестиция тартып алууга жетишкен.
     
  • USAID долбоору eBay Central Asia Hub окутуу программасын уюштурууга жардам берип, анын алкагында Baibol Group компаниясы eBay ден дүкөн ачууга мүмкүнчүлүк алып, кыргыз кол өнөрчүлүгүн буюмдарын, америкалык сатып алуучуларга түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүп алды.
     
  • USAID долбоору кыргыз компанияларга көргөзмөлөр жана бизнес жолугушуулар аркылуу эл аралык рынокко чыгууга жардам берүүдө. Мисалы, USAID Дубайда өткөн Gulfood эл аралык тамак-аш жана суусундук көргөзмөсүнө, кыргызстандык үч компаниянын катышуусуна демөөрчүлүк кылды. Андан тышкары 11 кыргыз туроператорлору USAID көмөгү менен Ташкент, Самарканд жана Алматы шаарларында жолугушуулар катышты. Анын жыйынтыгында кыргыз, өзбек жана казак туристтик компаниялардын ортосунда 176 ниет протоколуна кол коюлган.
Image
Проект оказал поддержку 26 компаниям и организациям, со-финансировал расширение их бизнеса и повышение конкурентоспособности.
Проект оказал поддержку 26 компаниям и организациям, со-финансировал расширение их бизнеса и повышение конкурентоспособности.