Тил

Узактыгы: 2015-2019-жж.

Бюджети: 3,3 млн АКШ долл.

Ишке ашырган уюм: KNCV фонду

Негизги өнөктөштөр: КУ боюнча улуттук программа, Саламаттыкты сактоо министрлиги, КУ каршы мекемелер

Географиялык аймак: республика боюнча

Вебсайт: www.challengetb.org

Кыргыз Республикасындагы Challenge TB долбоору көптөгөн дарыларга туруктуу жана дарыларга кеңири туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн кыска мөөнөттүү режимди жана жеке режимди программалык киргизүүгө жардам көрсөтүүдө.

Дүйнө жүзү боюнча, көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен ооругандардын (КДТ-КУ) жарымына жакыны гана айыгат, ошол эле учурда  аягына чейин дарыланбаган бир киши жыл сайын 10-15 кишиге оору жугузат. Бул коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп эсептелет, ал дары менен жетишсиз камсыздоодон, бейтаптардын дарылоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоосунан, антибиотиктерди туура эмес дайындоодон жана/же  терс таарсирлери менен коштолгон узакка созулган дарылоого  басым жасоо  көйгөйүнөн пайда болот.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кыргыз Республикасы КДТ-КУ жайылышы жогору болуп эсептелген дүйнөдөгү 30 өлкөнүн катарына кирет,  ага ылайык БДССУнун берген баасы боюнча, ар жыл сайын КДТ-КУ  ооруган  1400 жаны  окуялар катталат. Өлкө КДТ-КУ каршы күрөшүүдө дарылоонун узактыгы, дарыларга кеңири туруктуулук (ДКТ) формасы бар кургак  учуктун коркунучтуу  формаларын дарылоо үчүн дарылоонун эффективдүү схемаларынын жоктугу олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. 

Жакында жөнгө салуучу органдар жана БДССУ тарабынан кургак учукка каршы жаңы дарылардын жактырылышы Кыргыз Республикасында КДТ-КУ дартын дарылоочу жаңы дарыларды жана дарылоонун жаңы режимдерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 

Долбоор Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программасына Бедаквилин (Bdq) жана Деламанид(Del) сыяктуу кургак учукка каршы жаңы дары дармектерин жана КДТ-КУ дарылоонун кыска мөөнөттүү  жана жеке режимин (9-12 ай) киргизүү боюнча улуттук планды иштеп чыгууга жардам берүүдө.  Бул колдоо көрсөтүү  улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыктын негизинде жергиликтүү техникалык жана кадрдык потенциалды жакшыртууну камтыйт.

Кыргыз Республикасы 2018-жылы толугу менен дарылоонун  жаңы режимине өтөөрү күтүлүүдө.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

2018-жылдын январь айынын башында 132 бейтап жаңы дары-дармектер менен дарылоого, жана 129 бейтап – дарылоонун кыска мөөнөттүү  режимине киргизилишти.

2017-жылдын январь айында дарылоонун кыска мөөнөттүү режимине киргизилген бейтаптар, өз дарыланууларын октябрда ийгиликтүү аякташты.

Жаңы  дарылар  менен дарыланып жаткан бейтаптар аларда дарылардын терс таасир тийгизүүсү азайгандыгын жана клиникалык жактан өзүн жакшы сезүү көбүрөөк ылдамдагандыгын билдиришүүдө. Дарылоонун бешинчи айында, биринчилерден болуп жаңы дары-дармектерди ичип жаткан 28 бейтаптын 19у (68%) жугушсуз болуп, кургак учутсун таякчаларын чөйрөгө бөлүп чыгарбай калышкан. Оор абалдагы 5 бейтаптын ичинен 3 адамдын клиникалык абалы бир топ жакшырган. 

Challenge TB долбоору  көңүлдүн борборунда бейтап турган стратегияны аркалайт. Стратегия ар бир өзүнчө катталган окуяга  жекече мамиле кылууга негизделген. 2018-жылдын январь айына карата, КУ  каршы жаӊы дары-дармектерге алынган бейтаптардын 90% дарыланууну улантып жатышты, бул оорулуулар көп жылдардан бери КУ менен ооруп кемишкен жана айыгуудан үмүтүн үзгөн бейтаптар эле.

2017-жылдын сентябрь айынын ортосуна карата долбоор КДТ-КУ дарылоонун сапатын жакшыртуу жана жаӊы дары-дармектер менен дарылоонун жаӊы жана кыска режимдерин ырааттуулук менен ишке киргизүү максатында 1 миңден ашык медицина кызматкерлерин окутуп чыкты, ошондой эле өлкө боюнча 48 жергиликтүү тренингдерди уюштурду.

Image
Жаңы режим боюнча дарыланган биринчи пациенттердин бири. Ал стандартту режимге караганда эки эсеге кыска.
Жаңы режим боюнча дарыланган биринчи пациенттердин бири. Ал стандартту режимге караганда эки эсеге кыска.
Challenge TB