Тил

Программанын алкагында, IRI Кыргыз Республикасынын демократиялык түзүлүшүнүн күчөтүү максатында иш алып барат. Бул аракеттерди көп партиялуу саясий системаны өнүктүрүү, аялдардын жана жаштардын саясий процесстерге катышуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу ишке ашырып келет.

Мөөнөтү: сентябрь 2016 – сентябрь 2022 

Бюджет:  $14,4 млн АКШ доллары (үч уюмдан турган жалпы консорциум үчүн)

Долбоордун аткаруучусу:  Эл аралык Республикалык Институт (IRI)

Негизги өнөктөштөр: Саясий партиялар, Борбордук Шайлоо Коммиссиясы, Аялдар Демократиялык Тармагы,  Жарандык коом

Долбоор ишке ашкан аймак: Кыргыз Республикасы

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Аталган программа шайлоо жана саясий процесстерди күчөтүү Концорциуму (CEPPS) тарабынан ишке ашырылат. Бул консорциумга Эл аралык республикалык институту (IRI), Шайлоо системаларынын Эл аралык фонду (IFES) жана Улуттук демократиялык институту (ЭДИ) кирет.

IRI негизги басымдары бул саясий процесстердеги катышуучуларынын дараметин жогорулатуу, саясий партиялардын платформа жана кампанияларын калктын негизги маселелерине багыттоо, алардын башкаруу жана уюштуруу жөндөмдөрүн өркүндөтүү.

IRI жыл сайын саясий, экономикалык, коомдук, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомчулуктун пикирин талдоо үчүн улуттук сурамжылоо жүргүзүп келет. Шайлоо учурунда IRI шайлоо процесстерин чыңдоо багытында иш алып барат. Айрыкча IRI жарандык коом жана саясий субъекттер менен тыгыз иштеп шайлоо кампаниялары боюнча жана саясий партиялардын байкоочулары, талапкердин ыктыярчылары жана жарандык активисттер үчүн күчөтүлгөн тренинг-семинарларды уюштуруп берет.

Ошоной эле IRI активдүү жаштар жана айымдар менен жумуш алып барат. Бул багыттын максаты жаштар менен айымдарды чечим чыгаруу процесстерине жигердүү катыштыруу.

натыйжалар жана жетишкендиктер

Долбоордун жүрүшүндө IRI саясий партиялар жана алардын лидерлери үчүн консультацияларын улантат. Шайлоого активдүү катышуунун жол-жоболорун камтыган консультациялар стратегиялык байланыш, шайлоочулар менен иштөө, шайлоо кампания жана уюштуруучулук белгилерди иштеп чыгуу маселелерине тиешелүү.

IRI дайыма активдүү жаштарды да тартып, айрыкча, шайлоо учурунда, аларга таасири зор саясий жана социалдык маселелерди талкулоо үчүн атайын платформа түзгөнгө жетишкен. Жаштардын саясатка катышуусу жана саясий партиялардын ачык диалогу аркылуу саясий маданиятын өнүктүрүү максатында 2017-2018 жылдары IRI тарабынан уюштурулган жаштар арасындагы телебедаттарынын эки сезону эфирге чыккан. IRI мындан ары да жаш лидерлер менен иштеп алардын саясий, жарандык жана социалдык катышуусун Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтуу аракеттерин улантат. Ошондой эле шаарлардагы жана региондордогу көйгөйлөрдү көздөгөн үгүт демилгелерин колдоо максатында IRI аймактардагы тейлөөлөргө толук жетпеген жаш активисттер жана топторго көмөк көрсөтүп келүүдө.

IRI жарандарга атайын аянтча түзүп саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди талкуулаган телебедаттарын уюштуруп келет. Ал жерде эксперттер, жарандык активисттер жана башка кызыкдар тараптар катышып, коомчулукту дүрбүткөн маселелерди талкуулашат.

IRI аялдардын саясий катышуусун күчөтүү иш-аракеттерин улантып келет. Буга чейнки программалардын натыйжасында IRI түрткү болуп Аялдар демократиялык тармагы түзүлүгөн. Бул активдүү аялдарды колдоо жана чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган улуттук саясий аялдар тармагы. Азыркы учурда 5 миңден ашуун активдүү мүчө саналып арасында жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин айым-депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулаткан “жергиликтүү шайлоо жана аймдардын 30% квотасы” жөнүндөгү мыйзамы жалпы колдоо көрүп тармактын эң ийгиликтүү иш-аракеттеринин бири болуп саналды. Мыйзамды колдоо үчүн бул тармактын мүчөлөрү 2014-жылдан баштап маалыматтык кампания жүргүзүп 10 миңден ашык кол топтогонго жетишкен. Бул мыйзам 2019-жылдын август айында кабыл алынып Кыргызстандагы көптөгөн аймдарга ар кандай топтордун кызыкчылыктарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берди. IRI мындан ары да жарандарды жана шайлоочуларды окутуу, жергиликтүү кеңештерге жана парламентке ат салышкан талапкерлерин даярдоо, фокус-топтор жана үгүт кампания боюнча иш-чараларын колдойт. Саясий жактан активдүү айымдарга жергиликтүү жана улуттук денгээлде таанымалдуулугун жогорулатуу максатындагы маалымат жеткирүү аракеттерине IRI тарабынан көмөк улантылат.

Мурунку жылдары жергиликтүү муниципалитеттери менен кызматташып алардын иштерин жөңгө салуу максатында иштелип чыккан бюджет жана мыйзам актыларынын соңунда IRI байкоо мониторинг жүргүзүү долбоорун ишке ашырат. Ал кызматташуунун натыйжасында түрдүү тренингдер аркылуу жергиликтүү кеңештердин 70% иш пландарын кабыл алып бекитишкен. IRI ушул кеңештердин ишмердүүлүгүнө Аялдар демократиялык тармагындагы өнөктөштөр аркылуу байкоо жүргүзүп, кызматташуунун натыйжасында болуп жаткан өзгөрүүлөргө баа берет.

IRI 2020-жылы жергиликтүү жана парламенттик шайлоонун алдында шайлоо процесстерин көзөмөлдөгөн саясий партиялардын байкоочулары менен иштейт. Акыркы төрт жыл аралыгында, IRI тренингдеринен 4 миңден ашуун байкоочулар окуп кийинчерээк 2017-жылдагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышышкан.

IRI Кыргыз Республикасындагы кызыкдар тараптарга улуттук сурамжылоого негизделген ишенимдүү жана толук маалыматтарды тартуулап келет. Жыл сайын жүргүзүлүгөн коомдук сурамжылоолор өлкөнүн учурдагы саясий, экономикалык жана социалдык кырдаалды жана тенденцияларды анализдөөгө мүмкүнчүлүк берип Кыргызстандагы саясий процесстердин катышуучулары тарабынан жогору бааланат. Сурамжылоонун жыйынтыктары менен таанышкандан кийин IRI саясий партиялардын, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн маалымат чогултуу, изилдөө жыйынтыктарын талдоо жана чечмелөө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын шайлоо кампаниясын өткөрүү жолдорун үйрөтүү үчүн Изилдөө мектебин уюштурат. Мындан тышкары, жаңы маалымат каражаттарынын колдонуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, айрыкча, жаштар арасында, IRI социалдык тармактарда баракчаларын алып барып иш чаралары жөнүндө көбүрөөк аудиторияга жеткизип маалымдайт.

Image
IRI тарабынан саясий жактан активдүү айымдарга жергиликтүү жана улуттук денгээлде таанымалдуулугун жогорулатуу максатындагы маалымат жеткирүү аракеттерине көмөк көрсөтүү улантылат.
IRI тарабынан саясий жактан активдүү айымдарга жергиликтүү жана улуттук денгээлде таанымалдуулугун жогорулатуу максатындагы маалымат жеткирүү аракеттерине көмөк көрсөтүү улантылат.
IRI / USAID