Тил

Программа жигердүү жана туруктуу демократиялык маданиятты өнүктүрүү максатында Борбордук Азия өлкөлөрүндө жарандык коомдун ишмердиги үчүн укуктук чөйрөнү жакшыртууну колдойт. Күчтүү жарандык коом мамлекет туруктуулугунун жана жарандардын өөрчүп-өсүшүнүн милдеттүү шарты болуп эсептелет. Жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) ишмердигине өбөлгө түзгөн жана аларды коргогон укуктук ченемдик актылардын болушу күчтүү жарандык коомдун курулушу үчүн өтө зарыл.

Мөөнөтү: октябрь 2014 – сентябрь 2021

Бюджети: $6 047 449 (Борбдук Азия боюнча)

Долбоорду ишке ашырган уюм: Эл аралык коммерциялык эмес укук борбору (ICNL)

Негизги өнөктөштөр: “Жарандык катышуу” фонду, “Смарт Жаран” ассоциациясы

Географиялык алкагы: Борборду Азия

Программа эң маанилүү өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүп, алар менен уникалдык жана глобалдык ЖКУ-дар жөнүндөгү мыйзамдар жана тажрыйбалар менен бөлүшүп турат. Өзүнүн колдоосу аркылуу Укуктук чөйрөнү жакшыртуу программасы калктын кеңири катмарынын жарандык коом демократия шартында кандай роль ойногондугу жана мыйзам жаатындагы реформаларга байланыштуу маселелер боюнча чечим чыгарууга жергиликтүү калктын катышуусу канчалык маанилүү экендиги жөнүндөгү түшүнүгүн жогорулатат.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

2014-жылдан тартып Укуктук чөйрөнү жакшыртуу программасы ЖКУ-нын ишмердигинин укуктук чөйрөсүн жакшырткан ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле алардын укуктарын чектөөгө багытталган демилгелердин кабыл алынышына каршылык көрсөтүү боюнча жергиликтүү өнөктөштөрүнө жардам берип келет.   

Программа ЖКУ-дарга 3000-ден укуктук консультацияларды берүү иш-чараларын өткөрдү, алардын ичинде ЖКУ-дардын COVID-19 пандемиясына жооп катары өлкөнүн бүтүндөй аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал шартындагы иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча да. Мындан тышкары, Программа 36 ЖКУ-да укуктук аудит өткөрүп, бул аркылуу аларга өз укуктарын коргоо жана укуктук билимдерин жакшыртуу жагынан жардам берди. Ошондой эле Программа  ЖКУ-дарына 67 000 маалымат материалдарды, алардын ичинде ченемдик укуктук актылардын тексттерин, салыштырма талдоолорду жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн укук жаатындагы билимдерин жакшырткан, алардын укуктук реформаларга катышуусуна өбөлгө түзгөн башка материалдарды таратты.

ЖКУ-дары маселелери боюнча адистешкен 150-дөн ашык юрист Программадан кесиптик жардам алып, бул алар элге көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түздү. Жарандык коомдун 900-дөн ашуун лидерлери жарандык коомду жөнгө салуунун эл аралык стандарттары, ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана ар түрдүү онлайн жол-жоболор боюнча үйрөтүүчү машыгууларга катышты.

Программа Кыргызстандын беш университетинде коммерциялык эмес укук курсунун окутулушун колдоп, “Коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык катышуу институттарын укуктук жактан жөнгө салуу” аттуу жаңы окуу китебин чыгарды. Бул китеп Кыргызстандын ЖОЖ-ында коммерциялык эмес укук курсун окутууну күчөтүп, ЖКУ-нын ишмердигин укуктук негизде жөнгө салуу боюнча пайдалуу колдонмо болмокчу.

Укуктук чөйрөнү жакшыртуу боюнча программа жергиликтүү өнөктөштөрүнө төмөнкү маселелер боюнча түздөн-түз колдоо көрсөттү:  

  • ЖКУ-нын укуктарын чектөөгө багытталган беш мыйзам чыгаруу демилгелерин, алардын ичинде ЖКУ-дарын чет жактан каржыланышына чек коё турган “Чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына бөгөт коюу.
  • ЖКУ-дарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн укуктук механизмдерин, анын ичинде Кыргызстандагы ЖКУ-дардын туруктуулугун жогорулатуучу мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууну жакшыртуу.
  • Жарандардын мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алууга катышуусун жогорулаткан коомдук кеңештерди түзүү жана алардын калыптанышына колдоо көрсөтүү.
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен кызматташтыкта мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору боюнча коомчулук менен онлайн талкуу жүргүзү үчүн жаңы механизмин – Коомдук талкуу жүргүзү үчүн бирдиктүү порталын - түзүү.
Image
Жарандык коом боюнча эл аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандагы жарандык коомду коргоо тажрыйбасы жөнүндө угуп жатышат
Жарандык коом боюнча эл аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандагы жарандык коомду коргоо тажрыйбасы жөнүндө угуп жатышат
ICNL