Тил

Узактыгы: август 2014 – сентябрь 2019

Долбоордун бюджети: 14 млн АКШ доллары

Ишке ашырган уюм: Abt Associates Inc баштаган өнөктөштөрдүн консорциуму

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Географиялык камтуусу: Бүткүл өлкө боюнча

USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” аттуу беш жылдык долбоорунун максаты Кыргыз Республикасында кургак учук (КУ) оорусунун залакасын азайтуу болуп эсептелет. Долбоордун иши бул оорунун дары-дармекке туруктуу түрүнүн өнүгүшүн чектөөгө, калктын аярлуу топтору үчүн кургак учук боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун тең укуктуулугун колдоого жана улуттук саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган.

Кыргыз Республикасында кургак учукту (КУ) жеңүү ири жана татаал милдет болуп эсептелет, ал тиешелүү мыйзамдарды, заманбап медициналык ченемдик укуктук документтерди кабыл алууну, натыйжалуу каржылоону, медицина кызматкерлерин окутууну, так диагностикалык системалардын болушун, бейтап тарабынан кургак учукка каршы дары-дармек каражаттарын колдонууда тиешелүү менеджментин жана бейтаптарга коомдун колдоо көрсөтүүнү талап кылат. Абт Ассоусиэйтс жана анын FHI 360 менен RPX сыяктуу өнөктөштөрү Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргызстандын кургак учукка каршы улуттук программасына ушул ооруга каршы күрөшүү боюнча аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  1. Дарт аныктоо жана дарылоо боюнча кургак учукка каршы көрсөтүлгөн жогоруу сапаттагы кызматтарды жалпы пайдаланууну жакшыртуу.
  2. Медицина кызматкерлеринин өз милдеттерин аткаруу үчүн потенциалын чыңдоо, анын ичинде лабораторияларды модернизациялоого колдоо көрсөтүү.
  3. КУ боюнча маалыматтардын сапатын жана аларды пайдаланууну жакшыртуу.


КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоордун башталышынан тартып кургак учукка чалдыгуунун деңгээли 5%га азайган, ал эми кургак учуктан өлүмгө дуушар болуу көрсөткүчтөрү 11% кыскарган.
  • Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү жакшыртуу маселелери боюнча 4 миңден ашуун дарыгер, медайым, лабораториялардын кызматкерлери жана башка медициналык кызматкерлер окутуудан өткөн.
  • Кургак учук менен ооруган бардык ооруларды госпиталдаштыруудан эл аралык деңгээлде сунушталган амбулатордук дарылоого өткөрүүгө колдоо көрсөтүлгөн. Долбоор иштеген алгачкы үч жылдын ичинде пилоттук сайтта амбулатордук дарыланууда турган оорулуулардын саны 93%га көбөйгөн.
  • Кургак учукка каршы жардамды кыйла натыйжалуу жана сарамжалдуу кыла турган кургак учукту контролдоо, алдын алуу жана дарылоо системаларын реформалоо боюнча улуттук «Жол картасын» кабыл алууга Кыргызстандын Өкмөтүнө техникалык жардам көрсөтүлгөн. Реформанын натыйжасында үнөмдөлгөн 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражаттар жыл сайын инфраструктураны жакшыртуу жана дары-дармек препараттарын сатып алуу үчүн жумшалат.
  • Кургак учук боюнча бизнес-процесстерди санариптик автоматташтыруу боюнча реформалар улантылууда жана аны саламаттык сактоонун бүткүл системасына жайылтуу боюнча Өкмөткө колдоо көрсөтүлүп жатат.
  • Ооруканаларда жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринде дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн натыйжаларга негизделген каржылоонун жаңы модели киргизилген.
  • Лабораториялык анализдерди кыйла так натыйжаларын тез арада алууга жана оорулууларды эрте дарылап баштоого жөндөм түзүү үчүн биоматериалдарды ташуунун жаңы системасы киргизилди. 3 миңден ашуун биологиялык үлгү жана 3 тонна дары-дармек препараттары ташып жеткирилген.
  • Кургак учук жөнүндө кабарлоо максатында кургак учук тобокелдигине дуушар болгон райондордогу 70 миңден ашуун үй-чарбага маалымат жеткирилди. Калктын аярлуу тобуна таандык болгон дээрлик 3 миң бейтапка дарылоону аяктоо үчүн жардам көрсөтүлгөн. 
  • GeneXpert-ти туура пайдалануу боюнча саламаттык сактоо уюмдарына жардам көрсөтүлгөн, GeneXpert кургак учуктун диагнозун тактоо үчүн зарыл болгон убакытты бир нече жумадан эки саатка чейин кыскартат жана дары-дармектерге сезимталдыгы жөнүндө маанилүү маалымат берип, оорулууларды дарылоо үчүн туура дарылоону тандоого жардам берет. Мындан сырткары,  GeneXpert операциялары боюнча убакыттын реалдуу режиминде маалымат чогултуучу жана жайылтуучу GxAlert системасын киргизүүнү кеңейтүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн.
  • Кургак учуктун татаал учурларын бир нече жумадан бир нече күнгө чейин кароо убактысын кыскартууга жардам берген дарылоо-диагностикалык кеңешмелер (консилиумдар) үчүн  видео-конференция байланыш системасы киргизилген.
  • Лабораторияларда сапатты башкаруу системасы жөнгө салынган. Натыйжада, лабораториялардын иш циклинин узактыгы 7 күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
  • Кургак учукту диагностикалоонун, алдын алуунун жана дарылоонун негиздери боюнча өзүнүн жамааттарын ушул маселелер боюнча окутуу максатында 5 облуста жана Бишкек шаарында 150 диний ишмер, анын ичинде 25 аял окутулган.
  • Ооруканаларда жана ооруга чалдыккан коомчулуктарда кургак учукту жуктуруу чынжырчасын так изилдөө үчүн алдыңкы генотип технологияларын киргизүү  улантылууда.
  • АКШнын өндүрүүчүлөрү менен кызматташуунун натыйжасында 15 тонна медициналык буюмдар ташып киргизилген жана өлкөнүн 28 районундагы саламаттык сактоо уюмдарынын арасында бөлүштүрүлгөн.

 

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

Image
Лабораторияларда сапат боюнча менеджмент системасы жөнгө салынган, натыйжада лабораториялардын ишинин циклинин узактыгы 7күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
Лабораторияларда сапат боюнча менеджмент системасы жөнгө салынган, натыйжада лабораториялардын ишинин циклинин узактыгы 7күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
Оливье Ле Блан