Тил

Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектеш болгон Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын өтө маанилүү кесилишинде жайгашкан. Өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуулугун жана өнүгүшүн колдоо үчүн АКШ өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин мындан ары да бекемдөөгө көңүл бурат. Ошол эле учурда экономиканын, саламаттыкты сактоонун, мамлекетти башкаруунун, билим берүүнүн жана региондогу башка өлкөлөр менен байланыштын өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Демократиялык жетишкендиктерди колдоо үчүн жана Кыргыз Республикасынын стабилдүүлүгүнө жана прогрессине коркунуч туудурган чет таасирлерге каршы туруу үчүн USAID демократиялык баалуулуктарды жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө максатында Кыргыз Өкмөтү менен иш алып барат. Чек арасыз кабарчылар уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы медиа эркиндигинин эң жогорку деңгээлине ээ. Буга USAIDдин көз карандысыз маалымат каражаттарына туруктуу колдоосу да салым кошуп келет. USAID ошондой эле жаштардын өнүгүүсүнө, аймактарды колдоого жана маргиналдашкан калктарда колдоого өзгөчө көңүл буруу аркылуу радикалдашуу жана куралдуу топтор тарабынан жалдануу тобокелин азайтууга жардам берет.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

USAID Кыргызстандын өкмөтүнүн инклюзивдүү экономикалык өсүштү тездетүү жана Украинадагы согуштун экономикалык кесепеттерин жоюу боюнча аракеттерин колдойт. USAID бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көтөрүү жана майда фермерлердин кирешелерин жогорулатуу аркылуу жүз миңдеген кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлор менен өнөктөштүк кылат. Мисалы, акыркы төрт жылда USAID жергиликтүү бизнести колдоо аркылуу 18 миңден ашык туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүүгө жардам берди.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсү үчүн күчтүү жана туруктуу саламаттыкты сактоо системасынын маанилүүлүгүн көрсөттү. Кыргыз Республикасы кургак учуктун дарыга туруктуу учурлары боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Бул оорунун жайылышына каршы күрөшүү үчүн USAID кургак учук менен күрөшүүнүн, аныктоонун, диагностикасынын жана дарылоонун сапатын жакшыртууга жардам берет. 2017-жылы USAID тарабынан киргизилген кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларынын аркасында дарылоо убактысы эки эсеге кыскарган. USAID ошондой эле калктын негизги топторунун арасында ВИЧ/СПИДдин жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөнүн аялуу аймактарында энелердин жана жаш балдардын ден соолугун жана тамактануусун жакшыртууга көмөктөшөт. Дени сак жана күчтүү келечек жумушчу күчүн түзүү үчүн USAID өлкөнүн бардык аймактарында балдардын окуу жана математикалык көндүмдөрүн күчөтүүнү улантууда.

Image
girl playing komuz
Tags
kyrgyz republic