Тил

2019 - 2024 | RTI International | 18,9 млн АКШ доллары

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 1 682 мектепте башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган.

МАКСАТТАР

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта, «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстарда окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барат. Долбоор мектептерди окуу жана математика боюнча сапаттуу кошумча материалдар менен да камсыз кылат. 

НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  •  2022-жылдын сентябрь айында Билим берүү министрлиги мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын, ошондой эле USAIDдин колдоосу менен иштелип чыккан окуу жана математика боюнча предметтик стандарттарын бекитти.
  •  2023-жылдын январь айында 14 500ден ашуун мугалим окуганды үйрөтүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча тренингдерди ийгиликтүү аякташты жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышты. 17 500дөн ашык мугалимдер жана китепканачылар долбоордун алкагында окууну жана жазууну үйрөтүү боюнча тереңдетилген модулдар боюнча окуудан өтүштү.
  •  Долбоор бул модулдарды Moodle платформасынын базасында салттуу жана аралыктан окуу шарттарына ылайыкташтырды. Билим берүү министрлиги зарыл болгон учурда бул платформанын негизинде аралыктан окутууну жүргүзө алат.
  •  2022-жылдын январь айында долбоор башталгыч класстардын мугалимдери үчүн математика боюнча эки жылдык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсун кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде өткөрө баштады. Бүгүнкү күндө 12 000ден ашуун мугалим курстун жарымын ийгиликтүү аяктады.
  •  Окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу максатында USAID эки колдонмону иштеп чыгууну колдоду. BaalooApp колдонмосу окуучулардын окуу жана математика көндүмдөрүнө сабак учурунда калыптандыруучу баалоо жүргүзүүгө жардам берет. Ал эми SabakApp колдонмосу методисттер сабакка байкоо жүргүзүү аркылуу мугалимдерге насаатчылык колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат. Эки колдонмо тең долбоордун 1 682 максаттуу мектептеринде колдонулууда. Башталгыч класстардын мугалимдерине насаатчылык колдоо көрсөтүү боюнча 3 500гө жакын мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери окуудан өтүштү.
  •  Долбоор башталгандан бери USAID кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 922 электрондук китепти иштеп чыгууга колдоо көрсөттү. Бул китептердин бардыгы Билим берүү министрлигинин жана Bloom Library санарип китепканаларында жеткиликтүү. Буга чейин 1 065 максаттык мектеп жана 82 коомдук китепкана 285 000 китеп алышкан.
  •  "Окуу керемет!" долбоорунун алкагында угуусу начар балдар үчүн 40 китеп жаңдоо тилине которулган. Китептер эл аралык Bloom Library санарип китепканасында жеткиликтүү. Бул жергиликтүү тилдерде заманбап, кызыктуу жана инклюзивдүү балдар адабиятынын жеткиликтүүлүгүн арттырды.
  •  2023-жылдын февраль айында 3 372 "Математикалык сандыкча" 1 682 максаттуу мектепке тапшырылды. Бул комплекттер 27 түрдүү көрсөтмө куралдарды жана манипулятивдик материалдарды, ошондой эле математика сабагында бул окуу материалдарын колдонуу боюнча мугалимдер үчүн нускаманы камтыйт.
  •  Мектептен тышкаркы окууну өнүктүрүү үчүн долбоор окуучулар, ата-энелер жана жергиликтүү коомчулуктар менен да иш алып барат. Долбоордун колдоосу менен уюштурулган класстан тышкаркы иш-чараларга, анын ичинде математика боюнча конкурстарга, окуу сааттарына жана башкаларга 70 000 окуучу катышты.
  •  2022-жылдын сентябрь айына карата 22 педагогикалык ЖОЖ жана колледж "Окуу керемет!" долбоорунун окуу боюнча модулдарын, мугалимдерге насаатчылык колдоо көрсөтүү боюнча материалдарды жана калыптандыруучу баалоо боюнча инструменттерди өздөрүнүн окуу программаларына киргизишти.
  •  Долбоордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун өлчөө үчүн USAID башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн баалоону жүргүзөт. 2021-жылы жазында долбоор 2- жана 4-класстардын окуучуларынын арасында окуу жана математика көндүмдөрүнө баалоо жүргүздү. 2023-жылдын февраль айында башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн калыптануусун өлчөө үчүн чакан орто аралык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Баалоонун жыйынтыктары окууну жана математиканы окутуунун сапатын мындан ары жогорулатуу үчүн колдонулат.
  •  "Окуу керемет!" долбоору окуу процессине жана натыйжаларына гендердик маселелердин тийгизген таасирин изилдөө үчүн мектептердеги кырдаалга анализ жүргүздү. Долбоор максаттуу мектептердин базасында инклюзивдик билим берүүнүн учурдагы кырдаалына да талдоо жүргүздү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары долбоордун мындан аркы ишмердүүлүгүн маалымдоо үчүн колдонулат. Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окууну жана математиканы инклюзивдүү ыкма менен окутуу боюнча маалыматтык ресурс катары 2022-жылдын сентябрь айында долбоор Инклюзивдик билим берүү боюнча колдонмону иштеп чыкты.

  ____

Долбоордун мөөнөтү: 1- ноябрь, 2019-ж. - 30-октябрь, 2024- ж.

Бюджети: $18,9 млн АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: RTI International

Негизги өнөктөштөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; Кыргыз билим берүү академиясы; Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту; Аймактык мугалимдерди окутуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институттары

Байланыш маалыматы: Сауле Хамзина, skhamzina@rti.com

Image
Проект реализуется в сотрудничестве с Министерством образования и науки КР в 1687 школах Кыргызстана.
Share This Page