Тил

Кайя Адамс АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору катары ишке киришти. Анын расмий ант берүү аземи АКШ элчилигинде USAIDдин администратору Саманта Пауэрдин виртуалдык катышуусунда өттү. Адамс айым 2020-жылдан бери USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын биринчи туруктуу директору болуп калды.

Жумушка киришип жатып, Кайя Адамс: “Биздин жаң долбоорлор жана программалар абдан кызыктуу багыттарды көздөйт – инклюзивдүү билим берүүнү кеңейтүү, оору менен күрөшүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, укуктарды коргоо жана илгерилетүү, ошондой эле эркин маалыматка жол ачууда жаңы жолдор менен жардам берүү, ишкерлердин жаңы идеяларын колдоо».

Кайя Адамс USAID уюмунда 1999-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин Казакстанда жайгашкан Борбор Азия регионалдык миссиясында, Африкада жана Жакынкы Чыгышта иштеген. Кыргыз Республикасындагы миссиянын директору болуп дайындалганга чейин ал Конго Демократиялык Республикасындагы өкүлчүлүктүн директорунун орун басары болуп иштеген.

Адамс айым Сиракуз университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына, ал эми Джорджтаун университетинде бакалавр даражасына ээ. Ал англис, француз, немис жана орус тилдерин билет.

Акыркы он жылда Америка эли USAID аркылуу Кыргыз Республикасындагы өнүгүү программаларын колдоо үчүн 400 млн доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул программалар бизнести өнүктүрүү, сооданы кеңейтүү, баштапкы билим берүүнү жакшыртуу, айыл чарбаны өнүктүрүү, көз карандысыз медианы чыңдоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү сыяктуу тармактарды камтыйт.

Биздин долбоорлор тууралуу көбүрөөк билүү үчүн биздин веб-сайтка кириңиз же социалдык тармактарга жазылыңыз: Instagram, Facebook and Twitter.

Image
Новый глава USAID в Кыргызской Республике приступила к работе
Новый глава USAID в Кыргызской Республике приступила к работе