Тил

Долбоор кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо, дарылоо жана кургак учук илдетинен алдын алуу максаттарында түздөн-түз колдоо көрсөтөт. Долбоор Жалал-Абад жана Нарын областарында ишке ашырылат.

ИШКЕ АШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: Январь 2020 - Январь 2023

БЮДЖЕТ: 1 млн АКШ доллары

ИШКЕ АШЫРГАН УЮМ: Кыргыз Республикасынын улуттук кызыл ай коому (НОКП КР).

ДОЛБООР КАМЫТЫГАН АЙМАК: Жалал-Абад жана Нарын обл.

НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоордун негизги максаты - кургак учук менен ооруган бейтаптар дарылануусун улантып, ийигиликтүү айыгуусуна көмөктөшүү. 

Долбоордун адистери кургак учук менен ооруган бейтаптарга жашаган жеринде дарылоо жана оорунун алдын алуу максатында колдоо көрсөтүп, алардын дарыланууга мүмкүмчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча иш алып барат. Кызыл ай коому дарыгерлер жана кургак учук менен ооруган бейтаптын айланасындагы адамдар менен, оорулуну кемсинтүү же басмырлоону жою максаттарында да иш алып барат. 

USAIDтин «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» долбоору кургак учуктун дары-дармекке туруктуу түрлөрүнөн айыктырууга багытталган USAIDдин «Кургак учукту дарылоо» долбоору менен кызматташтыкта иштейт.
 

ДОЛБООРДУН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ 

Кургак учуктуу дарылоо, илдеттин оордугуна жараша, бир нече айдан бир нече жылга созулушу мүмкүн. Айтылган мөөнөттө дарылоону улантуу бейтап үчүн чоӊ сыноо жана күрөш. 2020-жылдан баштап, долбоордун алакагында буга дарылануусу үзгүлтүккө учураган 300дөн ашык бейтап дарылануусун кайра баштаган.  

Патронаждык медайымдар жана ыктыярчылар тарабынан көрсөтүлгөн психологогиялык колдоо - долбоордун негизги элементи. Бейтаптарга ооруп айыккан ыктыярчылар тарабынан көрсөтүлгөн колдоо өзгөчө маанилүү. Мисалы, 2 жылда 500дөн ашык курган учук менен ооруган бейтап жана алардын жакындары долбоордун алкагында түзүлгөн колдоо топторунун чогулуштарына катышкан.

Долбоордун медайымдары жана ыктыярчылары ооруган адам менен байланышта болгон адамдарды аныктоо аркылуу кургак учук менен ооруп калуунун жаӊы учурларын издешет. Бул ыкманын жардамы менен 476 адам кургак учукка текшерүүгө жиберилип, алардын арасынан 38 адам кургак учук менен ооруганы аныкталган.

Кургак учук менен ооруган бейтаптарды жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржы жана материалдык жактан колдоо үчүн тийиштүү мыйзам өзгөрүүлөрүн киргизүү максатында, долбоор жергиликтүү бийлик менен да иш алып барууда. Мисалы, атайын өткөзүлгөн тренингдердин натыйжасында 12 айыл өкмөттөрүнүн бюджеттери кайрадан каралып, 65 кургак учук менен ооруган бейтап жалпы 185 миң сом акча каражаттарын жардам катары алган. Кургак учук менен ооруп калган бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө каржы түрүндө же материалдык түрдө көрсөтүлгөн жардам өтө маанилүү, анткени илдеттин кесепетинен алар өзүнүн киршелерин жоготуп, дарыланууга жана колдоого мажбур болушат. 

Долбоорду ишке ашыруу учурунда, кургак учук менен ооруган бейтаптын жакындарынын арасында да оорулуну күнөлөө, кемсинтүү же басмырлоону жою максатында маалымдоо иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Өткөзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде, кургак учук менен ооруп калган бейтаптарды күнөлөө, кемсинтүү же басмырлоо учурлары көбүнчө айым-бейтаптарга болгондугу катталып, өзгөчө айтылган учурлар кайын-журт тарабынан көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Айтылган жагдайды эске алуунун негизинде, долбоордун алкагында өткөзүлгөн маалымдоо иш-аракеттеринде кургак учук менен ооруп калган айым-бейтаптарга жана алардын жакындарына өзгөчө көӊүл бурулууда.

Image
2020-жылдан баштап, долбоордун алакагында буга дарылануусу үзгүлтүккө учураган 300дөн ашык бейтап дарылануусун кайра баштаган.  
2020-жылдан баштап, долбоордун алакагында буга дарылануусу үзгүлтүккө учураган 300дөн ашык бейтап дарылануусун кайра баштаган.