Тил

Узактыгы: 11-июнь 2014-ж. - 31-декабрь 2019-ж.

Бюджет (Кыргызстан): 1 188 552 $

Ишке ашырган уюм:  Кыргызстандагы ЖИКС фонд чыгыш-батыш, кесепетин азайтуу

Негизги өнөктөштөр: КРдин Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы, Республикалык ЖИКС борбору, Республикалык наркология борбору

Долбоор камтыган аймак:  Кыргыз Республикасы, Казахстан, Тажикистан

Долбоор камакта жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошогон калктын негизги топторунун арасында ВИЧ-инфекциянын алдын-алуу, дарылоо, кароо жана колдоо көрсөтүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу аркылуу ВИЧ-инфекциянын алдын-алууга багытталган.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

USAIDдин долбоору соттолгондордун арасындагы топторду (ЛУИН – баңгизаттарын инъекция аркылуу колдонгондор жана ВЧА - ВИЧке чалдыккан адамдар) жана мурдагы соттолгондорду ВИЧтин алдын-алуу, дарылоо, кароо жана колдоо көрсөтүү  боюнча сапаттуу кызмат менен камсыз кылууну ар-тараптуу өнүктүрөт. Долбоор Кыргыз Республикасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Медициналык башкармасынын, СПИДдин алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча борбордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин күчөтүүгө жардам берет. Ошондой эле көбүрөөк адамдар ВИЧке тесттен ыктыярдуу өтүшү, консультация алышы, зыянды азайтуу программаларына жана башка иш-чараларга катышуусу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтөт.

Долбоор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун алты түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун негизги топтору жана мурда соттолгондор менен теңдеш консультанттар жана теңдеш навигаторлор (соттолгондордун ичинен атайын окуудан өткөн ЛУИН жана ВЧА) аркылуу иштейт. Теңдеш адистер ЛУИН ыктыярдуу консультациядан жана ВИЧке тесттен өтүүгө, баңгизаттарды пайдалануунун зыянын азайтуу боюнча консультация алууга жардам берип, аларды тобокелдүү жүрүш-турушун өзгөртүүгө түрткү берет. Дагы бир максат – соттолгон ВЧА АРВ-терапияны өз убагында баштоо жана дарылануу учурунда колдоону өнүктүрүү. Кардарлар бардык этапта медициналык жана психологиялык колдоо алышат. Бошогондон кийин, ВЧА дарылануунусун улантуу максатында долбоор колдоо көрсөтүүнү токтотпойт.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 2014–2015-жылдары өлкөнүн бардык абактарында 4,8 миң соттолгон адам ВИЧ-инфекциясын алдын-алуу боюнча жеке консультация жана мини-тренингден өтүштү;
  • 2016-жылы баңгизатын инъекция аркылуу алган соттолгон 899 адам өз ыктыяры менен ВИЧ боюнча консультациядан жана тесттен өтүштү. ВИЧке чалдыккан 300 соттолгон адам дарылоону колдоо боюнча консультациядан жана кургак учукка текшерүүдөн өтүштү. 
  • ВИЧ-инфекциянын алдын-алуу, зыянды азайтуу, тийиштүү юридикалык суроолорду боюнча окуудан өткөн пенитенциардык кызматтын 550 медициналык эмес  кызматкери түзөтүү мекемесинин ичинде ВИЧти алдын-алууга жигердүү катышат.
  • Долбоордун колдоосу менен ЖАМКнын 120 медициналык кызматкери ВИЧ, тестирлөө жана консультация, орун алмаштыруу терапиясы, жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар жана башка маселелер боюнча клиникалык протоколдор боюнча окуудан өттү. Бул ВИЧке чалдыккан адамдарга комплекстүү колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
  • Мамлекеттик медициналык мекемелердин 69 врачы боштондукка чыккан соттолгондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен стигманы азайтуу, ВИЧти алдын-алуу жана дарылоого заманбап мамиле кылуу боюнча атайын окуудан өтүштү.   
  • ВИЧ маселелери, зыянды азайтуу, кургак учук жана гепатит боюнча консультация берүү ыкмалары боюнча окуудан өтүп, түзөтүү мекемелеринин 90 ашык социалдык кызматкерлери жана теңдеш консультанттар баңгизат керектеген соттолгондорго ар кандай колдоо көрсөтүү боюнча билимин тереңдете алышты. 
  • Долбоор ЖАМКта эркинен ажыратуу жерлеринде зыянды азайтуу (шприцтерди алмашуу, орун алмаштыруу терапиясы) жана ВИЧти жана жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды кароо боюнча расмий нускамаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө жардам берди.