Тил

Шашылыш жарыялоого

08-09-2023

Пресс-релиздер

2023-жылдын 8-сентябры – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүгүү саясат институту (ӨСИ) өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү деңгээлде калктын жашоосун жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүүнүн мыкты тажрыйбалары менен жыл сайын алмашуучу Аймак 2023 форумун өткөрүштү. Бул кызматтарга суу менен камсыздоону жакшыртуу, катуу таштандыларды чыгаруу, билим берүү программалары, спорттук жана музыкалык мастер-класстар жана маалымат кызматтары кирет. Форумга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 130дан ашык өкүлдөрү катышты.

Акман жана Абдрахманов муниципалитеттеринин өкүлдөрү ичүүчү суу менен камсыздоо кызматын кеңейтүү жана жергиликтүү ресурстарды ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдалануу менен балдар үчүн билим берүү семинарларын уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул муниципалитеттер ошондой эле бюджетти, тарифтерди, кызматтарды көрсөтүүнү көзөмөлдөөлөрду түзүү жана коомдук талкуулар аркылуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чечим кабыл алууга жарандарды кантип тартууну айтып беришти.

«Форум жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү маселелерди чечүүгө катышуусунун маанилүүлүгүн ачып берди. Бардык жарандар, анын ичинде аялдар жана жаштар, өздөрүнүн көйгөйлөрүн өкмөткө жеткирип, аларды чечүү жолдорун табууга жардам беришти. Биз күбө болгондой, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квалификациясын жогорулатуу жана жарандардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу аркылуу жамааттарда көп нерсени өзгөртө алат», - деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын төраганын орун басары Жетиген Бакиров.

Форум USAIDдин «Ийгиликтүү Аймак-2» долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор өлкө боюнча 38 пилоттук муниципалитет менен иш алып барат. Пилоттук муниципалитеттер жергиликтүү кызматтарды уюштуруу, тарифтерди эсептөө, стандарттарды иштеп чыгуу, жашоочулардын керектөөлөрүн баалоо, элди талкууга тартуу, мамлекеттик сатып алуулар жана тейлөөнү уюштуруу ыкмалары боюнча укуктук негизде окутулат. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лессли Вигери белгилегендей, форумдун катышуучуларынын биргелешкен аракеттеринин жана идеяларынын таасири өнөктөш муниципалитеттерден алда канча жогору турат. «Биз алган сабактар жана биз бөлүшкөн башкаруу тажрыйбалары адамдардын жашоосун өзгөртүүгө, коомду көтөрүүгө жана улуттук деңгээлде туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратууга күчкө ээ», - деди ал.

Форумдун алкагында катышуучулар «Ийгиликтүү аймак-2» тарабынан колдоого алынган жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын клубу жана «Тең-теңге билим берүү» платформасы сыяктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аял лидерлигин арттырган жана колдоо көрсөтүүчү башка алмашуу демилгелери менен таанышты.Жыл сайын форум USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун алкагында 2025-жылга чейин жыл сайын өткөрүлөт.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоору — Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Долбоор жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу аркылуу 50 муниципалитеттин жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Көбүрөөк билүү үчүн www.fb.com/SA2Project.

Image
Municipalities Share Best Practices on Local Governance at Forum of Aimaks
Image
Municipalities Share Best Practices on Local Governance at Forum of Aimaks