Тил

Бүгүн Бишкекте USAIDдин "Укук булагы" аттуу жаңы долбоорунун расмий бетачар аземи болуп өттү. Долбоор мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасын колдонуу менен коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындай ыкма карапайым жаранды бардык реформалардын жана инновациялардын борборуна коюп, адилеттүүлүк системасын адамдардын муктаждыгына ылайык жана ачык-айкын кылат. Расмий мааракеде Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, юстиция министри Аяз Баетов жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер катышты.

“Укук булагы” долбоору АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, EWMI коммерциялык эмес уюму тарабынан КР Юстиция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоордо гендердик тоскоолдуктарды жана жаштар, майыптар сыяктуу аярлуу топтор үчүн кыйынчылыктарды жоюуга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн бул долбоор аркылуу USAID соттордо санариптештирүүнү колдоону улантат. Ошондой эле, долбоор сот реформасында элдин үнүн эске алуу үчүн сот адилеттигине жетүүдө эң маанилүү жана кеңири таралган муктаждыктарды аныктоо боюнча сурамжылоолорду жүргүзөт.

Сот мекемелердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн жарандарга өз укуктары жөнүндө маалымат берилип, сот иштери жана чечимдери жөнүндө маалымат алуу үчүн атайын маалымат порталдарын ачуу каралган. Жарандардын акысыз юридикалык жардамга кенен жол ачуу максатында Юстиция министрлиги менен кызматташуу да каралган.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер айым өз сөзүндө: “Бул долбоор экономикалык же социалдык абалына карабастан Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн мыйзамдар бирдей иштешин камсыз кылуу боюнча өнөктөштөрүбүз менен болгон жалпы милдеттемебизди чагылдырат”, – деп баса белгиледи.

Коомдун сот кызматтарына болгон төмөн ишеним, мамлекеттик кызматтарга жол ачуу, жумушсуздук, массалык тышкы миграция, коррупция жана мыйзамсыз жер басып алуу сыяктуу маселелер Кыргызстандын көпчүлүк жарандары үчүн эң кеңири тараган көйгөйлөр болуп келет.

“Өлкөдө негизги максаты көз карандысыз жана эффективдүү сот бийлигин куруу болуп саналган сот реформасы жүрүп жатат. Мында сот адилеттиги институттарынын көз карандысыздыгынын эл аралык принциптери негиз катары алынган. Бул процесске сот корпусу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактары, юридикалык коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү активдүү тартылууда”, - деп Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков белгиледи.

Эгер, сизге, кошумча маалымат керек болсо, сураныч, USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун коммуникациялар боюнча менеджери Жибек Айдарканова менен байланышыңыз (jaidarkanova@ewmi-kg.org ; +996 700310831).

Image
Сегодня в Бишкеке состоялась официальная церемония запуска нового проекта USAID «Укук булагы».
Сегодня в Бишкеке состоялась официальная церемония запуска нового проекта USAID «Укук булагы».