Тил

Шашылыш жарыялоого

07-12-2022

Пресс-релиздер

Бүгүн Логистика жана транспорт чартердик институту (CILT) АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасында “Айымдар логистикада жана транспортто” (WiLAT) Ассоциациясынын өкүлчүлүгүн ачты. Бул өкүлчүлүк логистика жана транспорт тармагындагы аялдарга потенциалды жогорулатууну жана карьералык колдоону камсыз кылат.

Кыргыз Республикасындагы кеңсе WiLAT ассоциясынын окутуу жана насаатчылык программаларына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын жана кеңири Борбордук Азия регионунун логистикалык жана транспорттук тармагында айымдарды колдогон айымдар менен мырзаларды бириктирүү аркылуу байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берет. 

“Борбордук Азиядагы Cоода” USAID коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнүн колдоосу менен WiLAT буга чейин Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда кеңселерин ачкан. WiLAT - бул дүйнө жүзү боюнча логистика жана транспорт тармагындагы айымдарды бириктирген, алардын өнүгүүсүнө, квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүүчү, ошондой эле байланыш, биригүү жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүүчү кесипкөй глобалдык тармак.

Борбордук Азиядагы өкүлчүлүктүн кеңсеси “Flydubai” компаниясынын Казахстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Марина Кузнечевскийдин төрагалыгы астында 2021-жылдын мартында түзүлгөн. Бул этапта Борбордук Азиядагы WiLAT мүчөлөрүнүн жалпы саны 35ке жакын адамды түзөт, анын ичинде логистика жана транспорт чөйрөсүндөгү башкы директорлор, төрагалар жана башка жогорку даражалуу бизнес-лидерлер сыяктуу лидер-айымдар бар. 

WiLAT Борбордук Азия 2021-жылдын мартында түзүлгөндөн баштап кесиптик өнүгүүнү колдоо, карьералык өсүүнү камсыз кылуу жана логистика жана транспорт тармагында айымдардын позициясын бекемдөө үчүн вебинарлар, окутуу программалары, расмий ачылыштар жана тренингдерди камтыган 40 иш-чара уюштурулган. 

Расмий түрдө 2013-жылдын июнь айында түзүлгөн WiLAT Global учурда 30 өлкөдө 3250дөн ашык мүчөсү бар жана өсүүдө. Уюм лидерликтин отчеттуулугунун расмий структурасына жана лидерлик, насаатчылык, ишкердүүлүк жана мүмкүнчүлүктөрдү камтыган бардык иш-аракеттеринин негизин түзгөн төрт стратегиялык багытка ээ. 

“Борбордук Азиядагы Соода” USAID коомдук бирикмесинин максаты - бажы жана чек ара жол-жоболорун шайкеш келтирүү жолу менен Борбордук Азияда экономикалык өсүштү тездетүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн региондогу соода байланыштарын жакшыртуу, соода жана инвестиция маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы диалогду кеңейтүү, фирмалар ортосундагы чек ара байланыштарын жакшыртуу, ошондой эле соодага байланыштуу гендердик маселелерди чечүү. “Борбордук Азиядагы Соода” бирикмеси ишмердиги учурдагы соода саясатын жана практикасын айымдарга карата калыс мамиле кылуу маселесине талдоо жүргүзүү жана айымдарга бул көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу жолу менен региондогу айым соодагерлерди жана ишкерлерди колдойт.

kyrgyz republic