Тил

Шашылыш жарыялоого

07-09-2023

Пресс-релиздер

Ош, 2023-жылдын 7-сентябры – Ош облусунда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтү тарабынан жабдылган жаңы муздаткыч кампа 300 дыйкандын кирешесин көбөйтүп,аймакты кошумча жумуш менен камсыз кылат жана кыргызстандыктарды сапаттуу продукция мененкамсыз кылат. Ачылыш аземине Жапалак айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Пазылов,USAIDдин өкүлү Джеймс Лайкос, «ЭКО Азык» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышышты.

USAID жергиликтүү бизнес «Эко Азык» ЖЧКсы менен өнөктөштүктө Ош облусунун Жапалак айылындагы муздаткычка 6,910 миллион сомдук муздатуу жабдууларын алып берди. Жаңы жабдуулар менен мекеме 300 тоннага чейин мөмө-жемиштерди тоңдуруп, ички жана эл аралык базарларга сактай алат. Дыйкандарга жана кызматкерлерге экономикалык пайда алып келүүдөн тышкары, ишкана продукциянын сактоо мөөнөтүн узартат, ошону менен азык-түлүктөр вегетация мезгилинен көп өтпөй кыргызстандык үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болот.

«Муздаткычты колдонуунун артыкчылыктарынын бири – суук химиялык өзгөрүүлөрдү жана азыктардагы микробдук ферменттердин өсүшүн кечеңдетет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эми жашылча-жемиштердин 90% сактоо учурунда жаңы бойдон калат» – дейт «ЭКО азык» ЖЧКнын жетекчиси Али Тавалдиев.«Биздин биргелешкен аракеттерибиз фермерлерге алдыңкы технологияларды жана башкаруу практикасынколдонууга мүмкүндүк берет, бул сооданын жана экспорттун өсүшүнө алып келет деп ишенебиз» - дейтТавалдиев.

«Муздак сактоочу жай жашылча-жемиштерди сактап, бузулушун азайтат. Таштандыларды азайтуу менен,муздак кампа чакан дыйкандардын кирешесин жогорулатат. Бул ошондой эле дыйкандарга жана компанияларга сезон аралыкта жогорку сапаттагы продукция менен камсыз кылууга жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын канааттандырууга жол берет”, - деп белгиледи USAIDдин Кыргызстан Экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Джеймс Лайкос.

USAID өзүнүн «Агросоода» долбоору аркылуу 2018-жылдан бери Кыргызстандын түштүк аймагында 20 жаңы муздаткыч кампаларды түзүү боюнча кыргыз фирмалары менен өнөктөштүктө болуп келет. Жалпы сыйымдуулугу 12 000 тоннага жеткен бул объектилер аймактагы муздаткыч кампаларынын кубаттуулугун бир нече эсеге кеңейтет. 200%, тамак-аштын бузулушун 40% азайтууга жана 4000ден ашуун дыйкандарга киреше алып келүүчү жаңы иш-аракеттерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Image
Southern Region to Double Warehouse Food Storage Capacity with U.S. Government Support