Тил

«Медиа-К» долбоору жарандардын ар түрдүү жана тең салмактуу маалыматка жетүүсүн жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасындагы ЖМКлардын көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн жогорулатат.

НЕГИЗГИ МАКСАТ

Долбоор биринчи фазанын (2018-2022-жж.) ийгилигине таянып, төмөнкү иш-чараларды ишке ашырып жатат:

  • көз карандысыз аймактык кыргыз тилдүү ЖМКлардын финансылык туруктуулугуна көмөк көрсөтөт;
  • кыргыз тилинде сапаттуу жана кызыктуу контентти чыгарууну каржылайт;
  • кыргыз тилиндеги сапаттуу журналистиканын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат;
  • медиа тармагында журналисттерди жана башка кызматкерлерди окутат;
  • медиа коомчулукту жыл сайын өткөрүлчү «Медиа Топтоо» форумунда бириктирет;
  • телеаудиторияны өлчөөнүн эл аралык системасын киргизүүгө көмөктөшөт;
  • жергиликтүү маалыматтык экосистеманын бүтүндүгүн коргоого көмөктөшөт;
  • медиа чөйрөнүн укуктук сабаттуулугун реформалоого жана жайылтууга жардам берет;
  •  жалган маалыматтын таасирин азайтуу жана жарандарга, айрыкча шайлоо процесстерине байланыштуу туура чечим кабыл алууга жардам берүү үчүн фактчекингди жана фейк маалымат таратуучулардын социалдык медиа аккаунттарын иликтөө аракеттерин колдойт.

"Медиа-К" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-2040-жылдарга КРди өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, 2021-2025-жылдарга маалыматтык саясат Концепциясын жана Улуттук гендердик стратегиясын ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.

НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • "Медиа-К" 15 жеке теле- жана радиоканалдарга, ошондой эле 2017-жылдан бери онлайн-басылмаларга окутууларды өткөрүү, ментордук жана каржылык жардам көрсөтүү менен аларга сапаттуу контент өндүрүү, аудитория тартуу жана мекемелердин менеджментин жакшыртуу үчүн потенциалын өстүрүүгө мүмкүндүк берди. Колдоо көрсөтүлгөн аралыкта орто эсеп менен жергиликтүү өнөктөштөрдүн контенти 13 пайызга өсүп, аудиториясы 60 пайызга, ал эми жарнамадан түшкөн киреше 6,22 пайызга өскөн. Долбоор төрт жылда 2368 ЖМК өкүлдөрүн окуткан.
  • 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоонун алдында "Медиа-К" жаштардын маалымдуулугун жакшыртуу жана алардын бул шайлоолордо добуш берүүгө катышуу жөнүндө чечим кабыл алуусу үчүн #СилаГолоса (Добуштун Күчү) маалыматтык кампаниясын өткөрдү.   Кампаниянын алкагында өндүрүлгөн контент бир нече онлайн платформаларда жалпысынан 700 миң көрүүлөргө ээ болду.  Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, ал шайлоодо добуш бергендердин 50%ын 30 жашка чейинкилер түзгөн, бул 2017-жылдагыга караганда шайлоого катышуунун 41%га өсүшүн камсыздаган.
  • "Медиа-К" дата маалыматы менен алектенген 58 журналистти окутуп, өлкөдөгү дата журналистикасын жакшыртты, ошондой эле  сегиз басылмада дата-бөлүмдөрүн ачууга жардам берди. Долбоордун өнөктөштөрү дата маалыматтарды талдоонун негизинде актуалдуу социалдык маселелер боюнча 138 материал чыгарышты. Мисалы,"Клооп Медианын" Кыргызстандагы гендердик зомбулук тууралуу иликтөөсү  Sigma Award эл аралык сыйлыгына татыды.
  • Массалык маалымат каражаттары жана башка контент өндүрүүчүлөр долбоордун колдоосу менен 4630 даана контент даярдашып  жарыялашкан. Анын ичинде өспүрүмдөр жөнүндө эң популярдуу сериалардын бири – "Акыркы сабак" жана “Агай” сериалдары бар. Сериалдар КТРК телеканалында көрсөтүлүп, YouTube каналында 20 миллиондон ашык көрүүгө ээ болгон. "Атасынын баласы", "Бурул", "ЧКС", "Кыздар. Космос. Теңдик", "Жамгыр тамчысы" тасмалары эл аралык кинофестивалдарда таанылып, сыйлыкка татыды.
  • "Медиа-К" аялдарды окуу мүмкүнчүлүктөрүнө тартуу, контентти өндүрүүдө гендердик экспертизаны колдонуу жана гендердик теңчиликти илгерилетүү, гендердик зомбулуктун алдын алуу жана кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча атайын долбоорлорду иштеп чыгуу менен гендердик маселелерди илгерилетет. Мисалы, журналисттер тарабынан долбоордун алкагында даярдалган дата- макалалардын сериясы, гендердик зомбулук көйгөйүн талдоого жана түшүнүүгө жардам берет. Дагы бир "Кыз кыялы" долбоору кыздардын окууга жана спортко болгон умтулуусун көрсөтүү менен, позитивдүү образдарды жайылтат.

Долбоордун мөөнөтү: октябрь 2022 - сентябрь 2027
Бюджет: 10 млн АКШ доллары
Долбоорду ишке ашырган уюм: Фридом Хаус жана Интенрьюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
Негизги өнөктөштөр: Медиа Полиси Институту, Чекит Медиа, IDEA CA, Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы, Салам медиа, Т-Медиа
Маалымат үчүн байланыш: Элина Каракулова, ekarakulova@internews.org

Image
Share This Page