Фермер айымдар жаңы күнөсканалар менен кирешелерин көбөйтүшүүдө

Күнөсканалардын жалпы аянты 1800 м2 түзөт
Күнөсканалардын жалпы аянты 1800 м2 түзөт
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Октябрь 4, 2017

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Ош жана Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорундагы он беш фермер аялдарга жашылчаларды күнөсканада өндүрүүнү жолго коюуга жардам көрсөттү. Жалпы аянты 1800 м2 түзгөн бул күнөсканаларда, аялдар сезон аяктаган маалда сатыкка алып чыгуу максатында бадыраң жана помидорлорду өстүрүүнү пландаштырып жатышат. Бул кызматташуулар айыл-чарба секторунда аялдардын ишкердигин колдоо менен бирге, зарыл болгон кошумча киреше табууга жана базарда жашылчалар азайган кезде жергиликтүү калкты камсыздап туруу аркылуу алардын тамактануу рационун жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Нарын облусунун Куланак айылынын тургуну, мугалимдик кесипти аркалаган төрт баланын энеси Гүлнура Солтобаева, жакында эле биринчи алган түшүмүн сатууга киришти. Бул иш менен ал үй-бүлөсү үчүн кошумча киреше табууга жардам кылам деп турат. «Мен биринчи түшүмдү жыйнап, аны Борбор Азия университетине, мектептерге жана ачык базарда сатып жатканыма аябай кубанып турам. Мага ишкер болуу жагат» - дейт Гүлнура Солтобаева.
Бул кызматташуунун аркасынан долбоорго катышкан аялдар жана алардын үй-бүлөлөрү бир жыл ичиндеги сатуулардан 1,7 миллион сомдой (26 000 АКШ доллары) кошумча киреше алышы күтүлүүдө.

Күнөсканалар USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында ачылды. Бул долбоор көптөгөн  башка чаралардан тышкары, ишкер аялдарды колдоп, алардын үй-бүлөлөрүнүн түрдүү тамактануусун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ар бир фермер өзүнүн күнөскана чарбасын баштоого кеткен чыгымдын 30%ын көтөрсө, калган 70%ы USAID тарабынан төлөндү. USAID бул аял фермерлерге тренинг өткөрүү жана кеңеш берүү аркылуу колдоосун уланта бермекчи.

Last updated: October 05, 2017

Share This Page