USAID Кыргызстанда гиддердин потенциалын жогорулатууда

Жалпысынан гиддер туризм секторунда абдан зор мааниге ээ, анткени алар Кыргызстанга келген туристтерге элчи сымал ролду аткарышат.
Жалпысынан гиддер туризм секторунда абдан зор мааниге ээ, анткени алар Кыргызстанга келген туристтерге элчи сымал ролду аткарышат.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жума, Ноябрь 3, 2017

29-октябрда Кыргызстандын гиддери үчүн эл аралык стандарттар боюнча окуу аяктады. Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциацияларынын федерациясынын (WFTGA) мүчөлөрү 39 катышуучуга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө боюнча ыкмаларды үйрөтүштү. Бул тренингди АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинин алкагында уюштурду.    

Окуунун биринчи бөлүгүндө катышуучулар бир жума теория жагын изилдешсе, экинчи бөлүгүндө Бишкек шаары жана анын айланасы боюнча турларды практика жүзүндө өткөрүштү. Катышуучулар презентациялоо, жеткире айта билүү жана топту башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн жакшырта алышты. 

“Бул тренинг “гид” деген түшүнүгүбүздү толугу менен өзгөрттү”,- деди Караколдон келген катышуучу, Рахат Жамалова. “WFTGA уюмунун стандарттарын биздин буга чейинки иштөө ыкмаларыбызга салыштырганда, саякаттарды дагы да кызыктураак кылуу үчүн эмне керек экенин жакшыраак түшүндүк”,- деди ал.

Тренингдин экинчи жумасында катышуучулардын эң мыкты 15 гид бир-жумалык тренер болуу курсунан өтүштү. Алар WFTGA уюмунун акредитациясын алгандан кийин, эл аралык адистерге кайрылбай эле, ушундай эле тренингдерди өздөрү өткөрө алышат.

Жалпысынан гиддер туризм секторунда абдан зор мааниге ээ, анткени алар Кыргызстанга келген туристтерге элчи сымал ролду аткарышат. Бул жылдын башында, USAID Кыргызстандын бардык аймактарынан келген тоо гиддери үчүн тоодогу жөө саякат боюнча эң ири тренинг өткөргөн болчу.

2016-жылы туризмдин Кыргызстандын ички дүң продукциясына кошкон салымы 4,7% түзүп, секторго болгон капиталдык салымдар акыркы он жылда беш эсе көбөйдү. USAID туризм тармагында ишмердүүлүктү колдоо, маданий иш чараларды уюштуруу жана Кыргызстан жөнүндө эл аралык рынокто жар салуу аркылуу туризмди өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү улантат.

Last updated: November 22, 2017

Share This Page