Аялдар айыл-чарбадагы ийгилик баяндары менен бөлүшүүдө

Шашылыш жарыялоого

Жекшемби, Март 4, 2018

Эл аралык аялдар күнүнө карата АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) айыл-чарбадагы аялдардын жетишкендиктерине арналган жолугушуу уюштурууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облусттарынан келген аял ишкерлер жана агроөндүрүүчүлөр өздөрүнүн ийгилик баяндары менен бөлүшүшөт. Бул аялдар USAID Агро горизонт долбоору менен өнөктөштүк түзүп иштешүүдө. Долбоордун максаттарынын бири Кыргыз Республикасында аялдардын арасындагы ишкерликти колдоо болуп саналат.

Иш-чара 6-март күнү (Шейшембиде) саат 10:00дөн – 14:00гө чейин «Реми» ресторанында (Ош ш., Масалиев проспектисинде жайгашкан) өтөт. Иш-чара баардык ММК өкүлдөрү үчүн ачык.

Күн тартиби

10:00               USAID Агро горизонт долбоору менен кызматташкан аял ишкерлер тууралуу кыска видео

10:10               Иш-чаранын ачылышы

10:15               Ачылыш сөз, Луис Эрнандез мырза, USAIDтин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын Экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн директору

10:20               Ишкер айымдарга сөз: ишкерлик жолу, коштогон кыйынчылыктар, ийгиликтер, сабак болгон окуялар, USAID менен кызматташтыктын натыйжасы жана келечектеги пландары.

13:30               Экинчи бөлүктүн башталышы.

13:35               USAID Агро горизонт долбоору колдогон бардык ишканалар тууралуу кыска видео.

13:40               Фермер жана түрдүү ишканалардын кызматкер айымдарына сөз: өздөрүнүн тажрыйбасы, алардын жаңы ачылган жана жаңыланган ишканалардын мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана кеңейтүүгө кошкон салымы (экономикалык мүмкүнчүлүктөр, жумуш орундар, көбөйгөн кирешелер, ж.б.).

14:40               Жалпы талкулоо.

15:00               Жыйынтыктоочу сөз, Агнес Луз айым, USAID Агро горизонт долбоорунун жетекчиси

 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн USAID Агро горизонт долбоорунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Севара Байбулатова менен байланышыңыздар (+996 770 441 011).

Last updated: September 13, 2018

Share This Page