USAID колдоосу менен «СоцАгро» фабрикасы канаттуулар үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көбөйттү

Press Release Shim

Speeches Shim

Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат.
Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат.

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 8 Июнь, 2022

8-июнь, 2022-жылы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) «СоцАгро» канаттуулар фабрикасы заманбап жабдуу өткөрүп берди. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду түзгөн жаӊы жабдуу «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Мурда биз жемди кол менен иштетилүүчү эски жабдууда өндүрчүбүз. Жаӊы жабдуу орнотулгандан кийин жумушчулар үчүн иштөө процесси жакшырды, өндүрүмдүүлүк жогорулады жана, эӊ башкысы, жемдин сапаты бир кыйла жакшырды», - дейт Эрмек Мамырканов, «СоцАгро» канаттуулар фабрикасынын директору.

Ишкана мурда күнүнө 12-15 тонна жем өндүрсө, азыр бул көрсөткүч 30-40 тоннага чейин өстү. Өндүрүштүн жогорулашы баалардын төмөндөөсүнө алып келери жана жергиликтүү фермерлердин суроо-талабын канааттандырары күтүлүүдө.

«Ишкана бүткүл өлкө боюнча кичи жана орто фермаларга жем жеткирет. Натыйжада, көбүрөөк фермерлер айыл чарба өндүрүшүнүн сапаттуу каражаттарына ээ болушат, алардын өндүрүш көлөмү жана кирешелери көбөйөт», - деп белгиледи өзүнүн сөзүндө АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

USAID менен «СоцАгро» канаттуулар фабрикасынын ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында Калтар айылынын жана коӊшу айылдардын жашоочулары үчүн 100 жаӊы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

2012-жылы негизделген «СоцАгро» канаттуулар фермасы - өлкөдөгү эң алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат. Жемди өзүнүн жумуртка өндүрүшүндө колдонот жана жергиликтүү майда тоок багуучуларга сатат.

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору жеӊил өнөр жай, азык өнүмдөрүн өндүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен иштейт. Долбоор Кыргызстанда жаӊы жумуш орундарын түзүү максатында ишканаларга өндүрүштү кеӊейтүүгө жана сатууларды көбөйтүүгө жардам берет. Бул беш жылдык долбоордун алкагында USAID бүткүл өлкө боюнча 120дан ашык ишканага колдоо көрсөткөн. Долбоордун жалпы бюджети – 23 миллион доллар.

Кененирээк маалымат алуу үчүн USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун байланыштар боюнча кеӊешчиси Жылдыз Ниязалиевага кайрылыӊыздар (zniiazalieva@ecp-kyrgyzstan.org, тел: +996 (770) 808 063).

Last updated: November 15, 2022

Share This Page