Сатып алуучулар жана инвесторлор айыл-чарбада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

Форумда «бизнес-бизнес» форматында жолугушуулар,  талкуулоолор, презентациялар жана өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.
Форумда «бизнес-бизнес» форматында жолугушуулар,  талкуулоолор, презентациялар жана өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.
Кайратбек Мурзакимов, USAID/Кыргыз Республикасы

Шашылыш жарыялоого

Жума, Июнь 8, 2018

5-6-июнда Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) болжол менен 200 дөй чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлор, сатып алуучулар жана агроишканалары катышкан айыл-чарба соода-инвестициялык форумун өткөрдү. Форумда өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын байланышын күчөтүү жана айыл-чарбасына инвесторлордун кызыкчылыктарын арттыруу үчүн «бизнес-бизнес» форматында жолугушуулар,  талкуулоолор, презентациялар жана өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Форумдун ачылышында АКШнын Крдеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мелтцер USAIDдин Кыргызстандагы 52 агроишканалары менен ийгиликтүү өнөктөштүгү тууралуу айтып берди. АКШ менен өнөктөшүүнүн алкагында, ушул ишканалар өндүрүштү кеңейтүүгө жана  модернизациялоого, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүгүндө айыл-чарбалык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө 30 миллион доллардан ашык өз каражаттарын жумшап жатышат.

«Бул ишканалар өздөрүнүн сатуу рынокторун кеңейтип, өндүрүшүн жогорулатуу менен жаңы жумушчу орундарын жаратып, дыйкандар менен региондордун тургундары үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүүдө», - деп белгиледи мырза Мелтцер.

Иш-чаранын жүрүшүндө инвесторлор жана кыргызстандык бизнесмендер айыл-чарбасында инвестициялык долбоорлорго,  капиталга жетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга, аймактык соода-сатыкты өнүктүрүүгө, бүткүл Борбордук Азия боюнча логистиканы модернизациялоо боюнча пикир алмашышты. Андан тышкары, жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү, эт  жана сүт продукцияларын өндүрүү боюнча 35 ата-мекендик агроишканалардын продукциялары менен атайын көргөзмө да иштеп турду.

«Форум биз үчүн абдан пайдалуу болду, себеби бул жерде биз Казакстандан эки болочок сатып алуучу менен байланыштык», - деди кургак жемиштерди кайра иштетүү боюнча компаниянын өкүлү Максат Торобеков. «USAIDдин колдоосу менен биздин компания бат өнүгүүдө – биз жаңы жабдууларды сатып алып, Өзгөндө кайра иштетүүчү цех ача алдык».

Казахстандык ширелерди өндүрүүчүнүн өкүлү Егор Хакулиндин айтымында, бул форумда ал Кыргызстандан логистикалык борборлор жана кайра иштетүүчүлөр менен байланышты бекемдеди. «Жергиликтүү чийки заттар менен биздин ишкана бир жылда болгону төрт ай гана иштейт, ошондуктан биз коңшу Кыргызстанга келип поствщиктерди издейбиз», – дейт Егор Хакулин.

Иш-чара USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында өткөрүлдү.  Долбоордун максаты чакан фермердик чарбалардын кирешелерин жогорулатууга , импортту алмаштыруу өбөлгөлөрүн түзүүгө жана Кыргызстандан айыл-чарба продукцияларын экспорттоо көлөмүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Last updated: August 16, 2018

Share This Page