Кыргызстандык жазык сот адилеттигинин катышуучулары адам сатуу боюнча иштерди тергөө жана соттук кароо боюнча окуудан өтүштү

Press Release Shim

Speeches Shim

Шашылыш жарыялоого

Жума, 10 Июнь, 2022

2022-жылдын 30-майынан 10-июнуна чейин АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору, сотторду, прокурорлорду жана адвокаттарды окутуу борборлору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймактарынан  66 судья, прокурор, тергөөчү жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрдү.

Тренингдин максаты адам сатууга байланышкан иштерди сотко чейинки жана соттук кароодо ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү болгон. Тренингдин жүрүшүндө иштерди сапаттуу чечүү үчүн жазык сот адилеттигинин ар кыл бөлүмдөрүнүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана ошондой эле тергөө жана соттук кароо этаптарында адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгына  өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кылмыш-жаза мыйзамдарынын жаңылыктары менен таанышып, кылмыштын курамын үйрөнүштү, ошондой эле окутуучу сот процессине катышты. Өзүнчө сессиялар Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмине жана адам сатууга байланышкан иштерди тергөөдө гендердик аспектилерге арналган.

«Бул судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана тергөөчүлөр бир жерге чогулган биринчи ведомстволор аралык тренинг. Буга чейин окуулар жалаң прокурорлор менен тергөөчүлөрдүн катышуусунда өтүп келген. Ведомстволор аралык окутуулар натыйжалуу, анткени жазык сот адилеттигинин бардык катышуучулары бир платформада иштерди сотко чейинки жана соттук териштирүүдө кароо маселелерин талкуулай алышат, жазык сот өндүрүшүнүн ар бир баскычында бири-бири менен практикалык сунуштар менен бөлүшө алышат», - деп бөлүштү Марлис Жумабаев, тренер, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын биринчи бөлүмүнүн башчысы.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын демократияны өнүктүрүү боюнча адиси Тара Нил белгилегендей, “Адам сатууга каршы күрөштүн негизги максаттарынын бири - адам сатуучуларды жоопкерчиликке тартуу жана адам сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоо. Жазык сот адилеттигинин адистери кылмышкерлерди эффективдүү куугунтуктоону гана камсыз кылбастан, ошондой эле жабырлануучуларды аныктоодо жана коргоодо негизги ролду ойногон негизги субъекттер болуп саналат. Ошондуктан, мындай практиктер кылмыш-жаза мыйзамдарындагы акыркы жаңылыктарды, ошондой эле адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жана алдыңкы тажрыйбаларды билиши маанилүү».

Тренингдин жүрүшүндө судьялар, прокурорлор жана адвокаттар долбоордун колдоосу менен иштелип чыккан адам сатуу боюнча иштерди тергөөдө жана соттук куугунтуктоодо Жабырлануучуга негизделген ыкманы колдонуу боюнча колдонмону алышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова белгилегендей, «Колдонмо судьяларга, адвокаттарга жана прокурорлорго каалаган убакта жабырлануучуга багытталган мамилени колдонуу боюнча билимдерин жаңыртууга жардам берет. Мындай ыкма адам сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоого гана эмес, ошондой эле бүтүндөй укук коргоо жана сот системасына болгон ишенимди жогорулатууга жардам берет».

Кененирээк маалымат үчүн  Кыргызстандагы долбоордун координатору Дастанбеков Медерге кайрылыңыз, электрондук почтасы: Meder.Dastanbekov@winrock.org, телефон номери +996 770 337 500.

***

USAID тарабынан каржыланган "Борбор Азиядагы коопсуз миграция" долбоору Казакстан, Кыргыз Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ишке ашырылууда. Долбоор адам сатууну алдын алуу, курмандыктарды коргоо жана коопсуз миграцияны илгерилетүү үчүн өкмөттөрдүн, бейөкмөт уюмдардын жана жеке сектордун өз ара жоопкерчилигин жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн далилдүү практикаларды жана чек ара аркылуу байланыштарды колдонот. Миграция практикасын жакшыртуу жана эксплуатацияга жол бербөө боюнча иш-чаралар аркылуу жергиликтүү бийлик органдары, жарандык коом жана жеке сектор менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө. USAIDдин Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоору тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү даректен тапса болот: https://www.usaid.gov/central-asia-regional/fact-sheets/safe-migration-c...

Last updated: November 15, 2022

Share This Page