АКШ Кыргыз Республикасына Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

Press Release Shim

Speeches Shim

 This shipment was made possible through COVAX, an initiative to support equitable global access to COVID-19 vaccines. 
АКШ Кыргыз Республикасына Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, 13 Декабрь, 2021

10-декабрда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”,- деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

«Кыргызстан 49 миң доза өлчөмүндөгү Pfizer-Biontech вакцинасынын кезектеги партиясын алды. Мен АКШ өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге жардам берип жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиргим келет. Pfizer-Biontech вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөн. Биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жана эмдөө алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек. Биз биргелешкен күч-аракет менен коронавирустук пандемияга туруштук бере аларыбызга ишенем”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат.

Last updated: April 28, 2022

Share This Page