Премьер-министр USAIDдин жардамы менен түзүлгөн кургатылган жемиштерди чыгаруучу цехке барды

USAID жаңы жабдуу сатып алып, ишкананын өндүрүм сапатын жана көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди – азыр анын өндүрүм кубаттуулгу жылына 2,4 миң тоннага чейин жетет.
USAID жаңы жабдуу сатып алып, ишкананын өндүрүм сапатын жана көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди – азыр анын өндүрүм кубаттуулгу жылына 2,4 миң тоннага чейин жетет.
Пресс-служба Правительства КР

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Декабрь 12, 2018

8-декабрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жайгашкан кургатылган жемиштерди чыгаруучу цехке барды. USAIDдин башчысы Гэри Линден менен бирге Премьер-министр жемиштерди кургатып жергиликтүү жана эл аралык рынокторго саткан ишкананын иши менен таанышты.

Кыргыз-тажик “Интерфрут” ЖЧКсы 2017-жылы АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) көмөгү менен түзүлгөн. Ал Кыргызстандын түштүгүндө өрүк, алма, шабдаалы, гилас, ит мурун, кургатылган кара өрүк жана грек жаңгагын өндүрүүнү колдоо үчүн түзүлгөн. USAID жаңы жабдуу сатып алып, ишкананын өндүрүм сапатын жана көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди – азыр анын өндүрүм кубаттуулгу жылына 2,4 миң тоннага чейин жетет.

Визиттин жүрүшүндө, Премьер-министр USAIDке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай ишканалар туруктуу жумуш орундарын түзүп, жер-жемиштерин сатып жаткан дыйкандарга пайда алып келээрин баса белгиледи.

«Биз ишмердиги өлкөнүн айыл-чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Интерфрут” ишканасы Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында ишке ашырылып жаткан USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында түзүлгөн. Бул беш жылдык долбоор 58 ишкана менен иштеп, Кыргызстандагы айыл-чарба секторунун конткуренттүүлүгүн күчөтүүгө жардам берет. Жумуш орундарын түзгөндөн тышкары, бул өнөктөштүктөр миңдеген дыйкандарга колдоо көрсөтүп, алардын өндүрүмүн экспорттого жардам берет. Долбоордун жалпы бюджети 22 млн АКШ доллларын түзөт.

Last updated: December 12, 2018

Share This Page