Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

12-01-2022 05:15

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча иш алып барышат.

Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызматтарын каржылык жактан туруктуу кылууга жардам берүү. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин кеңейтип, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөөк кызматтарды сунуштай алышат.

USAID 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди.
24-03-2017 06:30

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү АКШ Өкмөтү Кыргыз Республикасында кургак учукту жок кылууга берген убадасын кайрадан тастыктап келет. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору – бул АКШнын кыргызстандыктардын ден соолугуна жана келечегине 12 млн долларынан ашык инвестиция.

Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келди
10-02-2017 01:30

26-29-январда, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын жети туроператору Стамбул шаарында өткөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) туристтик көргөзмөсүнө катышышты. Ошондой эле, Кыргызстанга чет өлкөлүк туроператорлордун, туристтик блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусун арттыруу максатында, USAID түркиялык “Gezimanya” аттуу туристтик жана медиа-компания менен бирге көргөзмөдө бир нече жарнамалык иш-чараларды уюштурду. Натыйжада, кыргызстандык туроператорлор 2017-жылкы жайкы сезонго карата 42 потенциалдуу келишимдердин шарттарын талкуулашты.

Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
31-01-2017 22:15

18-22-январь аралыгында, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти USAIDдин колдоосу менен Мадридде (Испания) өткөн FITUR-2017 эл аралык туризм жарманкесине катышты. FITUR – туризмге арналган Европанын алдыңкы жарманкеси жана быйыл ага 165 мамлекеттен 9,500 туристтик компания катышты.

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
22-01-2017 23:00

17-январь күнү адистерге сунушталган USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, долбоорго катышкан башталгыч класстардын окуучулары, окуу көндүмдөрүн бир кыйла жакшырткандыгын көрсөттү. Долбоордун алкагында окуудан өткөн мугалимдердин натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуусу көбөйгөндүгүн, жана ата-энелер балдары менен чогу китеп окууга көбүрөөк убакыт бөлө баштагандыгын көрсөттү.

Окутуудан кийин мугалимдер тиешелүү сертификаттарды алышты
18-01-2017 00:15

Бишкек жана Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн башталгыч мектептердин 24 мугалимдери новатордук окуу жана жазуу ыкмалары боюнча атайын окуудан өтүштү. Сокур жана начар көргөн балдар менен иш алып барууда аталган мугалимдер Брайль системасындагы окутуу жолу (кол менен окуу жана жазуу мүмкүндүгү) менен биргеликте новатордук технологияларды, анын ичинде атайын компьютердик камсыздоо программасын жана смартфондорду колдонуу боюнча жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды үйрөнүштү.

Pages

Last updated: July 07, 2021

Share This Page