АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.
Буга чейин USAID Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19га тестирлөө убактысын беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарткан заманбап диагностикалык аппарат – GeneXpert аппаратын белекке берген. Бул технология бир гана COVID-19 эмес, кургак учук сыяктуу башка инфекцияларды да так аныктай алат. Мындан тышкары, департаментке видеоконференцбайланыш системасы жана компьютерлер тапшырылды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Last updated: April 14, 2022
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.