Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

19-07-2022 01:45

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди. Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт.   

Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

«Сактоо шарттарын жакшыртуу жана жаңы рынокторду табуу Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүнүн негизги фактору болуп саналат. Бул малина сыяктуу аймактын уникалдуу продукциясына өзгөчө тиешелүү. Бул инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүп, жүздөгөн үй-бүлөлөргө пайда алып келгенин азыртадан эле көрүп жатабыз. Бул биздин түпкү максатыбыз», - деп USAID Кыргызстандгы директору Кайя Адамас билдирди.

 

Pages

Last updated: April 14, 2022

Share This Page