Speeches Shim

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн кошумча 2,8 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады. Жаңы каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга жардам берет.
Бүгүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 259,740 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк көрсөтүү берип жатат.
USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады.
“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

2021-жылдын 28-сентябрында Cool Bros компаниясы Кызыл-Кыядагы фабриканын ийгиликтүү биринчи жылын майрамдоону уюштурган. Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири тигүү фабрикаларынын бири АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен 2020-жылы иштеп баштаган. USAID өзүнүн "Конкуренттүү ишкана" долбоорунун алкагында заманбап тигүү жабдууларына 214 миң АКШ долларын бөлүп берсе, Cool Bros компаниясы оңдоо жана башка капиталдык чыгымдарга 260 миң АКШ долларын инвестициялаган.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүдө колдоо көрсөттү. USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында Капарова Жаңылай жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Натыйжада ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы беш ооруканага жана үч үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды. Кычкылтек концентраторлору, мобилдик рентген аппараттары, тоңдургучтар жана башка жабдуулар орнотулуп, негизги “кызыл зоналардагы” COVID-19 бейтаптарын диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуп жатат. Жабдуунун жалпы баасы болжол менен 1,1 миллион АКШ долларын түздү.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана жеке ишкер Жузумалиева Кулийпа Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы сүттү кайра иштетүүчү "Ак-Жалга" ишканасын кеңейтүү үчүн өнөктөштүк түзүштү. Натыйжада, дагы 400 жергиликтүү фермерлер сүт тапшырууга мүмкүнчүлүк алып, жергиликтүүлөр үчүн 50 жаңы жумуш орундарын түзүшлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун (мындан ары – МКБ) жаңыртылган вебсайтынын (www.migrant.kg) бет ачары болуп өттү. Сайт USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен жарык көрдү.

USAID жана өз алдынча башкаруу органдары жарандар үчүн жергиликтүү кызматтарды жакшыртууда өнөктөштү 4-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эң ири конференция - Аймактар форуму болуп өттү. Форумда USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоору 50 айыл окмоту жана мэриялар менен өнөктөштүгүнүн жыйынтыктары менен бөлштү. Акыркы беш жылдын ичинде долбоор он миңдеген кыргызстандыктар үчүн жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жардам берди.
Pages
Last updated: April 14, 2022
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.