Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

11-11-2022 00:15

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкекте эмдөөнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча иш алып барышат. Иш-чаралар саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутууну, жергиликтүү активисттерди тартууну жана COVID-19 вакцинациясынын артыкчылыктары жөнүндө маалымат таратууну камтыйт. Бул иш-чаралар 10-ноябрда өткөн COVID-19га каршы аракеттерине арналган өнөктөштүк жыйындын негизги темасы болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө USAID эпидемиологиялык маалымат, саламаттыкты сактоо тармагындагы адам ресурстарын башкаруу жана COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана эмдөөнү көбөйтүү үчүн стратегиялар менен тааныштырды.

Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду.
08-07-2022 07:30

Июнь айында 30 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жайкы окуу жана эсеп лагерлерине катышышты. Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду. Лагерлерде жайкы каникул мезгилинде балдардын функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кызыктуу жана практикалык окуу көнүгүүлөр сунушталды.

Жаңы жөө жүрүүчү тротуардын курулушу 2022-жылдын июнь айында аяктады.
06-07-2022 04:45

Куршаб айылы, 2022 жылдын 6-июлу –  Ош областындагы Куршаб айылынын тургундары биргелешип иштешүүсүнүн натыйжасында айылдагы дээрлик 3 км жөө жүрүү тротуары оңдолуп түзөлдү. Бул демилгени айылдын эң жыш көчөлөрүнүн бириндеги жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздандыруу максатында жергиликтүү активдүү жарандар тобу көтөрүп чыккан. Алар айылдын жашоочуларын бул маселени чечүүгө тартып, каржылоо булактарын да табышкан. Бул иш-аракетке жергиликтүү демилгелерди колдогон USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору колдоо көрсөттү.

Каржы министринин орун басары Улугбек Календеровдун айтымында, “Салык төлөө – бул жарандык милдет, ал эми мамлекеттин милдети - келип түшкөн каражаттарды натыйжалуу жана ачык-айкын башкаруу. Ийгиликтин ачкычы – мамлекет менен жарандык коомдун кызматташтыгы».
16-06-2022 05:45

Каржы министрлиги жана USAID Кыргыз Республикасында Мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айрымдуулугу жана отчеттуулугу боюнча форумдун ачылышын өткөрдү. Форум жарандык коом үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен келишимдерди аткарууда жана мамлекеттик каражаттарды башкарууда маалымат алмашуу, жарандардын көйгөйлөрү менен бөлүшүү,  отчеттуулукту жана ачык-айрымдуулукту камсыз кылуу үчүн чогуу иш алып баруу жана өз ара аракеттенүү үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.
10-06-2022 07:00

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.

10-06-2022 03:30

2022-жылдын 30-майынан 10-июнуна чейин АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору, сотторду, прокурорлорду жана адвокаттарды окутуу борборлору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймактарынан  66 судья, прокурор, тергөөчү жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрдү.

Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат.
08-06-2022 07:00

8-июнь, 2022-жылы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) «СоцАгро» канаттуулар фабрикасы заманбап жабдуу өткөрүп берди. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду түзгөн жаӊы жабдуу «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

USAID менен ЕРӨБ Борбор Азиянын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча өнөктөшүүдө
03-06-2022 07:00

Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбордук Азия өлкөлөрүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергияны үнөмдөө, энергияны сактоо жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешип иш баштады.

USAID “Текстиль Транс” компаниясы USAIDдин колдоосу менен Кыргыз Республикасында биринчи джинсы кийим өндүрүшүн ишке киргизүүдө
02-06-2022 05:30

2022-жылдын 31-майында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) «Текстиль Транс» компаниясына заманбап жабдууларды тапшырды. USAIDдин колдоосу менен «Текстиль Транс» компаниясы өлкөдө биринчи джинсы кийим өндүрүшүн ишке киргизет.

Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.
28-04-2022 04:00

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.

Pages

Last updated: October 25, 2022

Share This Page