Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

16-09-2022 07:30

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2022” иш-чарасын өткөрүштү. Жергиликтүү башкарууда тажрыйба алмашуу боюнча жыл сайын уюштурулуп келген бул форумга 100дөн ашык адам катышты: мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү.

Ананьево, Жаңы-Арык, Ак-Жар жана Акман муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышуучулар менен жергиликтүү ресурстарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдаланып, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү, тыштандыларды ташып чыгаруу жана таза суу камсыз кылуу сыяктуу кызматтарды уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Бул айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджетти жана тарифтерди ачык талкуулоо, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессине мониторинг жүргүзүү аркылуу жарандарды чечим кабыл алуу процессине дтарта алышкан.

АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк фабрикага 100дөн ашык адамды, негизинен жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
14-09-2022 11:30

Аравандагы Pasadena Moda жаңы тигүү фабрикасында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген жабдуулардын негизинде күнүнө 40 000 даанага чейин эркектердин, аялдардын жана балдардын кийимдери чыгарылат. АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк фабрикага 100дөн ашык адамды, негизинен жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң АКШ доллары) түзөт.
16-08-2022 08:00

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө көмөк катары заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.

USAID Баткен мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт
19-07-2022 01:45

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди. Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт.   

Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду.
08-07-2022 07:30

Июнь айында 30 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жайкы окуу жана эсеп лагерлерине катышышты. Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду. Лагерлерде жайкы каникул мезгилинде балдардын функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кызыктуу жана практикалык окуу көнүгүүлөр сунушталды.

Жаңы жөө жүрүүчү тротуардын курулушу 2022-жылдын июнь айында аяктады.
06-07-2022 04:45

Куршаб айылы, 2022 жылдын 6-июлу –  Ош областындагы Куршаб айылынын тургундары биргелешип иштешүүсүнүн натыйжасында айылдагы дээрлик 3 км жөө жүрүү тротуары оңдолуп түзөлдү. Бул демилгени айылдын эң жыш көчөлөрүнүн бириндеги жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздандыруу максатында жергиликтүү активдүү жарандар тобу көтөрүп чыккан. Алар айылдын жашоочуларын бул маселени чечүүгө тартып, каржылоо булактарын да табышкан. Бул иш-аракетке жергиликтүү демилгелерди колдогон USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору колдоо көрсөттү.

Каржы министринин орун басары Улугбек Календеровдун айтымында, “Салык төлөө – бул жарандык милдет, ал эми мамлекеттин милдети - келип түшкөн каражаттарды натыйжалуу жана ачык-айкын башкаруу. Ийгиликтин ачкычы – мамлекет менен жарандык коомдун кызматташтыгы».
16-06-2022 05:45

Каржы министрлиги жана USAID Кыргыз Республикасында Мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айрымдуулугу жана отчеттуулугу боюнча форумдун ачылышын өткөрдү. Форум жарандык коом үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен келишимдерди аткарууда жана мамлекеттик каражаттарды башкарууда маалымат алмашуу, жарандардын көйгөйлөрү менен бөлүшүү,  отчеттуулукту жана ачык-айрымдуулукту камсыз кылуу үчүн чогуу иш алып баруу жана өз ара аракеттенүү үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.
10-06-2022 07:00

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.

10-06-2022 03:30

2022-жылдын 30-майынан 10-июнуна чейин АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору, сотторду, прокурорлорду жана адвокаттарды окутуу борборлору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймактарынан  66 судья, прокурор, тергөөчү жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрдү.

Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат.
08-06-2022 07:00

8-июнь, 2022-жылы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) «СоцАгро» канаттуулар фабрикасы заманбап жабдуу өткөрүп берди. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду түзгөн жаӊы жабдуу «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Pages

Last updated: April 14, 2022

Share This Page