Speeches Shim

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.

Кайя Адамс АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору катары ишке киришти. Анын расмий ант берүү аземи АКШ элчилигинде USAIDдин администратору Саманта Пауэрдин виртуалдык катышуусунда өттү. Адамс айым 2020-жылдан бери USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын биринчи туруктуу директору болуп калды.

Өткөн жумада, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстандын он айыл чарба ишканасы Ташкент шаарында өткөн UzFood-2022 көргөзмөсүнө катышты. Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө кыргыз компаниялары Өзбекстандын соода түйүндөрү жана тамак-аш жана суусундуктар менен алек ишканалар менен жолугушту. Кыргызстандын ишканалары мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту. Эң ири келишимдер 1,7 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак жана мисте экспорттоо боюнча түзүлдү.

Долбоор кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо, дарылоо жана кургак учук илдетинен алдын алуу максаттарында түздөн-түз колдоо көрсөтөт. Долбоор Жалал-Абад жана Нарын областарында ишке ашырылат.

USAIDдин ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү долбоору, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын кирешелерин жогорулатуу үчүн Борбордук Азияда жемиштүү экономикалык ишмердүүлүктү демилгелейт.
Pages
Last updated: April 28, 2022
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.