USAID жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматташтыкты чыңдашууда

Press Release Shim

Speeches Shim

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.

Шашылыш жарыялоого

Жума, 10 Июнь, 2022

Бүгүн Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова USAIDдин Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.

Акыйкатчы институту USAID менен көп жылдардан бери кызматташып келет. Учурда алар жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү максатында  «115 шыр байланыш телефону» аттуу кызматын биргеликте ишке ашырып жатышууда. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жарандарга жер талаштар, жарандык укуктар, жарандардын укуктук статусу жана үй-бүлө көйгөйлөрү сыяктуу юридикалык маселелер боюнча телефон аркылуу консультацияларды берген жогорку квалификациялуу юристтер менен «115» кызматын камсыздады.

Биргеликте иш жүргүзгөн 15 айдын ичинде (2021-жылдын февралынан 2022-жылдын май айын кошкондо) USAID тарабынан каржыланган «115 шыр байланыш телефону» кызматынын юристтери 1869 адамга, анын ичинде 1133 аялга 2516 консультация беришти. Консультациялар жазык мыйзамдарына (24% же 601), бир катар жарандык иштерге (23% же 582), үй-бүлөлүк укукка (13% же 334), жер маселелерине (11% же 271) жана социалдык укуктарга (8% же 200), анын ичинен 51 иш үй-бүлөлүк зомбулукка тиешелүү болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыйкатчы Атыр Абдрахматова жакынкы жылдарда КР Акыйкатчысынын институтунун стратегиялык иш багыттары жөнүндө айтып берди жана калктын, айрыкча аярлуу топтордун, анын ичинде мигранттардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоону өз ишинде артыкчылыктуу деп атады. 

Өз кезегинде, Кайя Адамс өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги укуктарды жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Акыйкатчы институтунун ишинин маанилүүлүгүн түшүнүү менен, USAID мындай аракеттерди мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуу USAID менен Акыйкатчы институту биргелешип жарандардын укуктарды коргоо каражаттарына, өзгөчө гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалдарда, натыйжалуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жолдорун изилдөө тууралуу макулдашуу менен жыйынтыкталды. Тараптар ошондой эле «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында колдоого алынган кеңейтилген юридикалык жардам көрсөтүү кызматтарынын оң таасирин узак мөөнөттүү келечекте сактап калуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашышты.

«Жигердүү жарандар» долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 жана анын Кыргызстандагы жарандык коом өнөктөштөрү тарабынан ишке ашырылып келүүдө. Долбоор кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн өкмөт менен жарандык коомдун кызматташуусуна колдоо көрсөтөт.

Кененирээк маалымат алуу:
Эльмира Мадиева, Акыйкатчы институту, телефону: 0557 565691;
Динара Акматбекова, USAIDдин «Жигердуу жарандар» долбоору, телефону: 0550 206652  

Last updated: July 19, 2022

Share This Page