USAID менен «Агропродукт Азия» Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиштер үчүн эң заманбап логистикалык борборду ачышты

Заманбап технологиялар менен жабдылган борбор күнүнө 500 тоннага чейин продукцияны сорттоп жана упаковкалай алат. 
Заманбап технологиялар менен жабдылган борбор күнүнө 500 тоннага чейин продукцияны сорттоп жана упаковкалай алат. 
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, Декабрь 7, 2017

2017-жылдын 30-ноябрь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «Агропродукт Азия» компаниясы Баткен облусунун Кадамжай районунда дүйнөлүк талапка жооп берген мөмө-жемиштерди консолидациялоочу жана упаковкалоочу борбордун ачылыш аземин өткөрүштү. Заманбап технологиялар менен жабдылган борбор жаңы бышкан мөмө-жемиштерди 6,435 м3 кампасында сактап, күнүнө 500 тоннага чейин продукцияны сорттоп жана упаковкалай алат. 

Логистикалык борбордун муздак сактоочу кампасы Кыргызстандын түштүгүндөгү дыйкандарга мөмө жана жашылча-жемиштерди узак мөөнөткө сактоого жана жогорку сапаттагы продукцияны жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын экспорттук жана ички рынокто атаандаштыгын күчөтөт. Иштеп баштаган алгачкы жыл ичинде борбор 2 миңдей дыйкандан 2,5 миң тонна мөмө жана жашылча-жемиштерди сатып алаары күтүлүүдө.

USAIDлин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Луис Эрнандез мырза белгилеп кеткендей, «бул жаңы ишкана региондогу миңдеген дыйкандар үчүн ири жана жаңы рынок ачып, аларга түздөн-түз пайда алып келет».

Логистикалык борбордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Нурбек Мурашев мырза да катышты. Өзүнүн сөзүндө, Кыргызстандын фермерлери үчүн мындай борборлордун маанилүүлүгүн белгилеп, жергиликтүү бийликти жана USAIDди колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бул логистикалык борбор USAIDдин Агро горизонт долбоорунун колдоосу менен ишке кирди. Бул долбоор дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана рынокту кеңейтүү аркылуу алардын кирешесин жогорулатууга багытталган. Жалпы бюджети 22 млн АКШ долларын түзгөн долбоор, айыл-чарба секторунда жумушчу орундарды түзүп, айрыкча аялдар менен жаштар үчүн, базарда тамак-аштын түрдүүлүгүнө көмөктөшөт.

Last updated: December 07, 2017

Share This Page