Flag of Kyrgyz Republic

Кит Симмонс

Тил: Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Кит Симмонс
Кит Симмонс

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директорунун милдетин аткаруучусу.

Кит Симмонс - АКШнын Тышкы иштер кызматынын Элчи кеңешчи рангындагы отставкадагы кызматкери жана учурда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
Ал USAID, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АКШнын Тынчтык корпусунда иштеп, 40 жылдан ашуун эл аралык тажрыйбага ээ.

Кит Симмонс мырза Кыргыз Республикасына келгенге чейин USAIDдин Тажикстандагы жана Индиядагы миссияларынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп иштеген. Ал ошондой эле USAIDдин Европа, Евразия жана Африкадагы кыска жана узак мөөнөттүү миссияларынын директору болуп иштеген. Ал жерде демократиялык жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жардам берген. Кит Симмонс ошондой эле Армения жана Сербиядагы АКШ өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары жана Сербияда убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк башчысы болуп иштеген.

Симмонс мырза АКШда Калифорния штатынын университетинен бакалавр даражасына, Уэйн штатынын университетинен социалдык жумуш боюнча магистр даражасына жана Сакраменто университетинен бизнести башкаруу боюнча магистра даражасына ээ. 2008-жылы ал USAIDдин "Эмгек жолундагы мыкты жетишкендиктери үчүн" сыйлыгына, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Армениянын президентинин Мовсес Хоренаци медалы менен сыйланган.

Ал француз, испан, португал, араб, армян жана сербо-хорват тилдеринде сүйлөйт.

Last updated: August 05, 2021

Share This Page