Тил

2018 - 2023 | ACDI-VOCA | 22,7 млн АКШ доллары

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору Кыргызстанда жумуш орундарын жана калктын кирешелерин көбөйтүү максатында, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтөт.

МАКСАТТАРЫ

Долбоордун алкагында кедейчиликтин жана жумушсуздуктун деңгээли эң жогору болгон региондорго, алардын ичинде Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына өзгөчө көңүл бурулат. Айыл чарба, тигүү өнөр жайы, өндүрүш, билим берүү жана маалымат технологиялары сыяктуу тез өсүп, көп жумуш орундарын түзө ала турган тармактар приоритеттүү багыттар болуп саналат

Долбоор бизнести өнүктүрүүгө төмөнкү ыкмалар менен көмөк көрсөтөт:

  • Өндүрүштөрүн кеңейтип, жаңы рынокторго чыгуусу үчүн ишканаларга жаңы жабдыктарды жана технологияларды сатып алууга гранттарды берүү.
  • Адамдык жана социалдык капиталын жакшыртуу максатында чакан жана орто бизнеске уюштуруу, финансы жана маркетинг маселелери боюнча техникалык кеңеш берүү. Долбоордун алкагында аялдар жана жаштар түптөгөн же алардын башкаруусундагы ишканаларга өзгөчө көңүл бурулат.
  • Орто жана чакан ишканалар үчүн күрөөгө азыраак басым жасаган, арзаныраак каржылоого жол ачуу максатында банктар жана инвестициялык фонддор сыяктуу финансылык мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү. 
  • Бизнестин өсүшүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктоо жана өсүүнү камсыз кылуучу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн изилдөө иштерин каржылоо. Ошондой эле, долбоор ишканаларга бизнес процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берип, мекемелерге заманбап маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жардам берет.

НАТЙЫЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Долбоор ишканаларды өнүктүрүү үчүн биргелешкен инвестиция түрүндө 120 компания менен кызматташкан. Долбоордун колдоосу менен компаниялар өндүрүшүн кеңейтип, продукциянын жаңы түрлөрүн чыгарып, жаңы рынокторго чыгышты. 2018-жылдан бери 25 959 жумуш орду түзүлдү, анын ичинде 9 миңге жакыны туруктуу жумуш орундары, же бул мезгилде өлкөдө түзүлгөн бардык жаңы жумуш орундарынын 11 пайызга жакыны. Мисалы, Кыргызстандын түндүгүндөгү алыскы Нарын облусунда аял киши жетектеген «Ат-Башы сүт» фермасы 251 жаңы жумуш ордун түздү.

Долбоордун колдоосу менен 118 компания 919 жаңы рынокторго чыгышты: 316 эл аралык жана 603 ички рынок. Мисалы, эт кайра иштетүүчү "TORRO" ЖЧКсы долбоордун колдоосу менен этти шоктук тоңдуруу камерасы менен жабдылган. Мунун аркасынан ишкана этти сактоо мөөнөтүн узартып, аны эл аралык рынокко экспорттой алды. "ТОРО" ЖЧКсы козу этин БАЭ жана Катарга экспорттоо боюнча эл аралык компаниялар менен келишим түздү.

Долбоор, төртөөнү айымдар жетектеген 19 өнөктөш компанияга эл аралык сертификат алуу боюнча колдоо көрсөттү, бул кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзүүдө. Мисалы, “EcoFloris“ чай өндүрүүчүсү НАССР сертификатын, кургатылган жемиштерди өндүрүүчү "Advantex" ЖЧКсы, "ТОРО" ЖЧКсы, "Балыкчы Сүт" ЖЧКсы, "Баркад" ЖЧКсы, "Биргелешкен азык-түлүк компаниясы" ЖЧКсы, "Maniz KG" жана "Салих" ЖЧКлары ISO 22000:2018 эл аралык сертификатын алышты, ал эми алма өндүрүүчү "Улук Агро Фарм" жана Жалал-Абаддагы "Бүргөндү" кооперативи Global GAP эл аралык сертификаттарын алышты. Мындан сырткары, долбоордун алкагында "ОСКО" жана "Даниэль" ЖЧКларына эл аралык FSSC 22000 сертификаттарын алууда колдоо көрсөтүлдү. Долбоор соя жана жүгөрүнү жеткирүүнүн туруктуу чынжырчасын түзүү максатында Энгельс атындагы дыйкан чарбасы, "Tien Shan Mission Society" компаниясы жана "ЭлДан Аталык" кайра иштетүүчү компаниясы менен өнөктөштүк уюштурган. Натыйжада, буга катышкан 3 миңден ашык дыйкандардын кирешеси өстү. 

80 стартап бизнести өнүктүрүү боюнча "бизнес-акселератор" окуу программасын аяктады, бул аларга тез өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табууга жардам берди. Бул ишканалардын көбүн аялдар менен жаштар түптөгөн же аларга таандык ишканалар. Акселератордун эң мыкты 18 бүтүрүүчүсү USAID тарабынан 20 миң долларга чейинки чакан гранттарга ээ болушту. Төрт компания инвестициянын аралаш түрү боюнча каржылоо алды.

Жаштар стажировкасы программасынын алкагында 53 жаш адис долбоордун өнөктөш ишканаларында стажировкадан ийгиликтүү өтүштү. 36 стажер, анын ичинде 25 кыздар, туруктуу жумушка орношту.

2802 ишкана Highland Capital, AV Frontiers, 996 Impact Circle, Accelerate Prosperity, "Бакай Банк" жана "Халык Банк" сыяктуу жеке финансылык институттардан 51 млн доллар каржылоо алышкан. Долбоор инвестициялардын жаңы жолдорун уюштуруу максатында бул мекемелер менен кызматташкан. Ошондой эле, USAID уюму Кыргызстанда мезонин жана үлүштүк каржылоо сыяктуу жаңы финансылык куралдарды иштеп чыгууну колдогон. Алар жергиликтүү ишканалар үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берди.

Долбоордун колдоосу менен "Бакай Банк" Moody's Investors Service эл аралык кредиттик рейтингин алды. Ал мындай рейтингге ээ болгон өлкөдөгү жалгыз жергиликтүү банк болуп калды. Бул рейтингдин жардамы менен банк 2021-жылы чакан жана орто ишканаларды каржылоо жана жашыл экономика жаатындагы демилгелерди колдоо үчүн германиялык инвестиция фондунан 7 млн доллар тартты.

Долбоор микрофинансылык уюмдарга эл аралык инвесторлордон капитал тартууга жардам берди. Мисалы, долбоордун колдоосу менен "Аманат Кредит" компаниясы социалдык жактан маанилүү долбоорлорго инвестиция салган швейцариялык компаниядан 1,6 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү биринчи эл аралык каржылоону алды. Бул эл аралык каржылоонун аркасынан "Аманат Кредит" элеттеги кыргызстандык ишкерлерге көбүрөөк каражат берүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Долбоор Борбордук депозитарийде, Эл аралык арбитраждык сотто, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинде жана Кыргыз фондулук биржасында инновациялык маалыматтык системаларды киргизүүнү колдоого алды. Бул алардын кызматынын сапатын жакшыртып, ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга жардам берди.

USAIDдин колдоосу менен Кыргызстандын Банктар Союзу бизнес менен каржы тармактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн жаңы FinMarket санариптик каржы платформасын ишке киргизди. Платформанын колдонуучулары маанилүү финансылык кызматтарга күнү-түнү алыстан кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Долбоор КР Өкмөтү менен бизнестин өсүшүнө түрткү берүүчү саясатты жана ченемдик актыларды жакшыртуу үчүн кызматташкан. Мисалы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана салык салуу боюнча төгүмдөрду башкарууну жакшыртуу максатында долбоор Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү кеңеши менен өнөктөштүк түзгөн. JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте ушундай эле өзгөртүүлөр курулуштагы өрт коопсуздугу боюнча мыйзамдарга киргизилип, компанияларга бардык уруксат кагаздарын ашыкча бюрократиясыз кыска мөөнөттө алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

АЯЛДАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК УКУКТАРЫН ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ

Долбоор өз күчүн аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багыттаган. Аялдар жетектеген 59 компания өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн долбоордон тикелей гранттарды алышкан.

Долбоордун колдоосу менен "Халык Банк" аялдарга таандык болгон жана алар жетектеген ишканалар үчүн пайыздык үстөгү төмөнүрөөк жана күрөөнүн талаптары минималдуу болгон жаңы кредиттик өнүм иштеп чыкты. "Халык Банк" аялдар жетектеген 677 компанияга жалпы суммасы 13,2 млн. АКШ доллар каржылоо берген.

2021-жылы долбоор Кыргызстан боюнча тогуз кризистик борбор менен кызматташа баштады “Аялзат-Каракол“, “Химая“, “Маана“, “Теңдик“, “Активист“, “Аялзат-Ош“, “ДИА“, “Каниет“ жана "Ак-Жүрөк". Долбоордун алкагында аталган борборлорго кичи ишканаларды ачууга колдоо көрсөтүлүп, аларды бизнес-инкубациялоого жана социалдык ишкердикке үйрөтүүгө жардам берилди. USAIDдин колдоосу менен кризистик борборлор имараттарын экологиялык стандарттарга ылайык оңдоп, жаңы жабдууларды - тигүүчү жана кир жуугуч машиналарды, ошондой эле кургатуучу жабдууларды сатып алышты. Мисалы, Ош шаарындагы “Ак-Жүрөк” жана “Аялзат” кризистик борборлору "Podium Fashion Center" кийим фабрикасы менен биргеликте тигүү цехин ачты. Кызматташтыктын алкагында жергиликтүү 125 кыз-келинди окутуп, 88 кыз-келинди сапаттуу кийим-кече жана аксессуар өндүрүшүнө жумушка орноштурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Консультация жана психологиялык колдоо көрсөтүү, ошондой эле гендердик зомбулуктан жапа чеккен аялдар үчүн ыңгайлуу жумуш шарттарын түзүүгө өзгөчө басым жасалды. Долбоор аялдарга экономикалык көз карандысыздыкка ээ болууга, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана коомдук жашоого толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк түздү.

____

Долбоордун мөөнөтү: 2018-жылдын августу – 2023-жылдын августу

Бюджет: 22,7 миллион АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруучу: ACDI/VOCA

Негизги өнөктөштөр: CrossBoundary, Village Capital, Nathan Associates

Байланыш маалыматтары: Хичмет Демирай, hdemiraj@ecp-kyrgyzstan.org

Image
The project has generated 18,677 new jobs since August 2018
Olivier Le Blanc/USAID