Тил

USAIDдин «Агросоода» долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасында жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.

НЕГИЗГИ МАКСАТТАР

Долбоордун негизги максаттарынын бири – Кыргызстандын түштүгүндө аялдарга, жаштарга жана аярлуу топторго өзгөчө көңүл бөлүү менен жумуш орундарын түзүү. Ал үчүн долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында окутууларды өткөрүү, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, каржылоого жана жаңы рынокторго, анын ичинде Өзбекстан рыногуна, жол ачуу аркылуу бизнестерди чыңдоого көмөк көрсөтөт.

«Агросоода» экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана аялдардын, жаштардын жана аярлуу топтордун айыл чарбага катышуусуна багытталган демилгелерди колдойт . Максат – бул топторго билимдин, бизнес көндүмдөрдүн жана экономикалык активдердин жетишсиздиги, гендердик зомбулук сыяктуу ар кандай чектөөлөрдү жеңүүгө жардам берүү.

Долбоор тарабынан төмөнкү максаттар үчүн гранттык каржылоо берилет:

  • Чакан жабдууларды жаңыртуу
  • Адистердин кеңешин каржылоо
  • Экономикалык интеграцияны жакшыртуу
  • Аялдарды, жаштарды жана аярлуу топторду тартууда тобокелдиктерди азайтуу
  • Азык-түлүк сактоочу жана муздаткыч кампаларды, логистикалык борборлорду өнүктүрүү.

Грант берүүдө аялдарга жана жаштарга таандык агробизнестерге артыкчылык берилет.

НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

2021-жылдан бери USAID он айыл чарба компаниясына жалпы суммасы 425 миң АКШ доллары өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү. Бул инвестициялар ишканалардын өндүрүшүн 92% чейин кеңейтүүгө жардам берип, аялдар, жаштар жана аярлуу топтор үчүн 2,6 миңден ашык кошумча жумуш орундарын түзүүгө салым кошту.

Долбоордун колдоосу менен 6 миңге жакын адам дыйкандардын жана ишкерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана алардын сатуу көлөмүн жогорулатууга багытталган окууларга катышты. 200 ашык айыл чарба ишканалары бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш кызматтарын алышты.

Долбоордун алкагында USAID айыл чарба компанияларынын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусуна демөөрчүлүк кылып, Өзбекстандык өнөктөштөр менен бизнес жолугушууларды уюштурду. Натыйжда, алар өзбекстандык ишканалар менен байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүштү. Кыргызстандык компаниялар жалпы суммасы 7,4 млн АКШ долларын түзгөн келишимдерге кол коюшту.

Долбоор аялдардын жана жаштардын экономикалык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган бир катар демилгелерди колдойт. Долбоор ошондой эле гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн жеткиликтүү колдоо жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн кампанияларды өткөрөт жана айрыкча аялдар менен жаштар үчүн бизнес-акселерациялык программаларын ишке ашырат. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү 41 миңден ашык адамды камтыды.

Жалпысынан, 2020-жылдан бери долбоордун иш-чаралары Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү 6,7 миңден ашык чарбачылыктарга пайда алып келди.
_____

Долбоордун мөөнөтү: июль 2020 - июль 2025
Бюджет: 15 млн долларов США
Долбоорду ишке ашырган уюм: Chemonics International Inc
Негизги өнөктөштөр: ACDI/VOCA
Байланыш маалыматы: Дэвид Дайер, ddyer@kyrgyzagrotrade.com

Image
Share This Page