Кыргыз Республикасында шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү

Speeches Shim

Долбоор шайлоочулардын шайлоо процессине болгон ишенимин күчөтүп, үгүт жүргүзүү жана шайлоону ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
Долбоор шайлоочулардын шайлоо процессине болгон ишенимин күчөтүп, үгүт жүргүзүү жана шайлоону ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
Вячеслав Оселедько

Бул программа аркылуу USAID Кыргыз Республикасында шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү колдойт.

Узыктыгы: Март 2020 – Ноябрь 2021

Бюджет: $1.6 млн

Ишке ашырычуу уюм: «Жалпы иш» коомдук фонду

Негизги өнөктөштөр: Борбордук шайлоо комиссиясы

Программа шайлоолорго ички байкоо аркылуу жарандардын катышуусун жана шайлоо процессине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу «2018-2020 -жылдардагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Стратегиясын колдойт. Долбоор шайлоочулардын шайлоо процессине болгон ишенимин күчөтүп, үгүт жүргүзүү жана шайлоону ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Негизги максат - эл аралык демократиялык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген шайлоону процесстерин колдоо.

НЕГИЗГИ ИШ БАГЫТТАРЫ

Шайлоого байкоо жүргүзүү. «Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасында эч бир партияга тийишсиз, шайлоого байкоо жүргүзүүчү атайын уюм катары иштейт.
Шайлоочуларга билим берүү жана шайлоону анализдөө. «Жалпы иш» шайлоочуларды окуту, коомдук пикирди сурамжылоо, шайлоо системасын анализдөө жана жакшыртуу иш алып барат.

ТААСИРИ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Кыргызстан ичинде көз карандысыз байкоо жүргүзүү. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого жана 2021-жылдагы президенттик шайлоого карата жалпы улуттук шайлоого байкоо жүргүзүлдү. Бул максатта «Жалпы иш» юристтердин жана эксперттердин колдоосу менен 1 миңден ашык байкоочуларды даярдады. Шайлоого чейин, шайлоо күнү жана шайлоодон кийин окуяларга баа берүү үчүн фонд 8,700 байкоо отчетторун чогултуп, 246 мыйзам бузууларды каттады. Алар айрым шайлоо комиссия мүчөлөрүн жазалоого жана жыйынтыктар жокко чыгарууга салым кошту. Байкоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо системасын жакшыртуу боюнча 73 сунуштар берилди.

Шайлоолордун анализи. «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоочулардын укуктары, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар жана шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 90дон ашык маалымат-аналитикалык материалдарды даярдады. Бул материалдар 400дөн ашуун жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонулган. Уюмдун кызматкерлери жана адистери 50дөн ашык телеберүүлөргө жана маектерге чакырылган, алардын ичинде: Азаттык, Би-Би-Си жана башкалар.

Коомдук пикирди сурамжылоо.
лдин оюн жана шайлоо боюнча пикирин жакшыраак көрсөтүү үчүн «Жалпы иш» фонду алты жалпы улуттук сурамжылоону өткөрдү. Алар улуттук маалымат кампаниясын жана шайлоо темалары боюнча беш телефондук сурамжылоону даярдоого жардам беришти.

Добуш берүү жана шайлоочуларды агартуу кампанияларын өткөрүү.
«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого катышууну үгүттөө өнөктүгүн өткөрдү. Анын алкагында болжол менен 40 миңдей шайлоочуга телефон жана маалымат баракчаларгы аркылуу добуш берүүнүн жол-жоболору, шайлоодогу мыйзам бузуулар жана шайлоо алдындагы бурмалоолорду болтурбоо жөнүндө маалымат берилди. Фонд кыргыз жана орус тилдеринде шайлоого катышуунун маанилүүлүгү, жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу, добуш берүүнүн купуялыгын бузуу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана добуштарды сатып алуу боюнча сегиз видео ролик даярдаган. Алар Facebook жана Instagram социалдык тармактарда 2,5 млн колдонуучуга жеткен.

Шайлоо маселелери боюнча коомдук талкуулар.
«Жалпы иш» коомдук фонду «Таза шайлоо», «Эгль», «АСТ» жана «Центр медиа развития» сыяктуу шайлоого байкоо жүргүзүүчү бардык уюмдар менен кошо биригип, эркин жана адилеттүү шайлоону илгерилетүү үчүн жарандык коомдун аракеттерин бириктирүүгө себепчи болду. Фонду ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жана көз карандысыз адистердин катышуусу менен 13 коомдук талкуу уюштурду. Аларда шайлоо маселелери жана көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын талкууланды.

Last updated: September 23, 2021

Share This Page